Нкойя (манкойя, банкойя) — негизинен Замбиянын батышында, ошондой эле Анголанын чыгышындагы чек ара райондорунда жашаган эл. Жалпы саны 180 миң адам, анын ичинде 165 миң — Замбияда, 15 миң — Анголада.

Тил

Бул элдин өкүлдөрү шинкойя тилинде сүйлөшөт. Шинкойя тили банту уясына кирет.

Коом

Жамааттын уруулук түзүлүшүнүн принциптери сакталып калган. Нике вирилокалдык.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалар культу, отко сыйынуу) карманышат.
Нкойя арасында аз сандагы христиандар да бар.

Чарбалык иштер

Аялдар кол менен иштетилген жер чарбасында эмгектенишет (сорго, элевсина, жүгөрү, маниок, жашылчалар). Эркектердин кесиби — аңчылык, жыйноочулук, балык уулоо жана малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал).
Бүгүнкү күндө калктын бир бөлүгүнүн акча табуу үчүн шаарларга кетүү тенденциясы байкалууда.

Кол өнөрчүлүк

Токуу, жыгач жана сөөк оюу (фигуркалар, маскалар) өнүккөн.

Тамак-аш

Негизги азыгы — дан сорполор, ботколор, токочтор, ошондой эле сүт, май, балык.

Маданият

Музыкалык жана бий фольклору өнүккөн. Ар кандай музыкалык аспаптар бар.

Тарых

1700-жылы нкойя Мутондо падышалыгын түзүшкөн. Мутондонун биринчи падышасы 1700-жылдан өлкөнү башкарган Лебупе болгон. 19-кылымда Мутондо падышалыгы коңшулаш Лози жана Балози королдугуна каршы күрөштө өз көз карандысыздыгын сактап кала алган. 19-кылымдын аягында Улуу Британиянын протекторатын алышкан. Мутондо падышалары өз элин башкарууну улантууда, 2012-жылдан бери падыша Мутондо XIII бийликте.

Булактар түзөтүү