Ногой талаасы - Кавказ улагасындагы жарым чөлдүү түзөң аймак, Терек жана Кума д-ларынын аралыгында (көпчүлүк бөлүгү Дагестанда).

  • Бийикт. батышында 170 мге чейин, чыгышы деңиз деңгээлинен төмөн (—28 м).
  • Ногой талаасынын көпчүлүк бөлүгүн кум массивдери ээлейт.
  • Негизинен шыбак, баялыш өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат.
  • Аймагынын 70% кышкы жайыт (кой багылат) катары пайдаланылат.
  • Ногой талаасы сугатка сууну Терек-Кума каналынан алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.