Нойгут (уруу)

Нойгут уруусу‎»‎ барагынан багытталды)

Нойгут (𐰣𐰆𐰖𐰍𐰆𐱄) — кыргыздын түпкү урууларынын бири. Нойгут уруусу жөнүндө "Манас" эпосунда айтылат. Манастын атасы Жакып менен Алтайга айдалып барган кыргыздардын бири Акбалта деп айтылат.

𐰣𐰆𐰖𐰍𐰆𐱄
Уруунун саны

40.000 (2023)
4.225 (1911)

Жайгашуусу

 Кыргызстан:

Канат

Ичкилик

Уруктары

Моканай, Чынатар, Сөөкмурун, Карамоюн, Таздар – Жабай, Жайылчы, Чалтак, Газды, Карасаадак. Мамаштукум, Акназар, Чардалай. Сакы – Хожояр, Досой, Байбол, Кулбол, Ботаяр, Атаяр

Дини

Ислам

Акбалта нойгут уруусунун башчысы. С. Каралаевдин вариантында Акбалта акыл чыгарып кыргыздар буудай айдап байышкандыгы жөнүндө айтылат. Акбалтанын уулу Чубак Манастын эң жакын чоролорунун бири. Баатырдыгы жагынан ал Манастан кийин Алмамбет, Сыргак менен бир катарда турат. Бул Алтайдагы нойгуттар. Ошол эле учурда нойгут уруусунун дагы бир бөлүгү айтылат. Бул Кыз Сайкалдын атасы Карача хан баштык кылган Лобнор боюндагы нойгуттар. Эпосто (С. Каралаев) Манас Аккуланы Карача хандан буудайга сатып алат. Кийин эр сайышта Кыз Сайкал Манасты сайып алып, аттан ала турган болгондо Чубак барып ажыратып калат (С. Орозбаковдун варианты). Семетейдин Тайбуурулун дагы Манаска Кыз Сайкал тартуулайт. Кийин Манас хан көтөрүлүп Таласка көчүп келип конгондон кийин Чубакты Манас менен калтырып Акбалта элинин бир бөлүгү менен кайра Алтайга көчүп кетет.

Ушуну менен нойгут уруусу кыргыздын ичинде эмес, тыш жагында өз алдынча ордо куруп жашап жүрүшкөн байыркы кыргыз уруулары экендигин 20 кылымдагы манасчылар белгилешет. Мындай көз караш Жаңыл Мырзанын окуясынан кийин калыптанышы мүмкүн. 17 кылымда оорун алган тарыхый окуя кыргыз санжырасында Үсөйүң ажынын, Б. Солтоноевдин ж.б. эмгектеринде чагылдырылган. Үсөйүн ажы нойгуттар жөнүндө мындай маалыматтарды берет:
"XVI—ХVII кылымдарда Ак-Суу дарыясынын бойлорунда кыргыздын нойгут уруусу жашагандыгы кытай тарыхтарында ачык баяндалат. Биздин атактуу санжырачыларыбыздын айтуусунча, божомол менен 250 жылдар мурун Какшаал дарыясы менен Кумарык дарыясынын кошулушундагы Арал деген жерди нойгуттар борбор кылып турушкан. Бул жерлер мал өстүрүүгө өтө ыңгайлуу болгон. Аңчылык кылышка да эптүү болгон. Алар жай күнү Сапарбайды жайлайт экен. Булар мал өстүрүүгө, айрыкча жылкы өстүрүүгө көңүл бөлөт экен. Азыр дагы ошол жылкылардын уругунун саркындысынан калган Арал жылкысынын даңкы бар." Үсөйүн ажы Жаңыл Мырза колго түшүп кеткенден кийин, анын эли кун куугандардан коркуп Лобнорго көчүп кеткендигин белгилейт. Нойгут уруусу азыр негизинен Баткен аймагында жайгашышкан. Аларды Жаңыл Мырзанын окуясынан кийин качкан нойгут уруусунун тукумдары деген маалыматтар бар.

Нойгут уруусу. «Нойгут кыргыз элинин түпкүлүктүү урууларынын бири» (үсөн Ажы). «Манаста» Чубак, атасы Ак Балта (Манастын таякеси) Чыйырдынын агасы. Байыркы кырк уруунун бири. Кытай тарыхында нойгуттар Чыгыш Түркстандагы Ак Суу, Көк Шаал дарыяларынын өрөөндөрүндө жашаган. Кесиби жылкы өстүрүү. Арал жылкыларын багышкан. Нойгуттардын насили Лопнурда, Токсууда, Чоң Жылдызда, Кичи Жылдызда. Нойгуттардан Жаңыл Мырза чыккан. Нойгуттар батыш Теңир Тоого 15-к. көчкөн. Моңголстан кыйрап Амир Темирдин империясы ыдыроонун алдында Тагай бий жетектеген кыргыздар Кашкардан Ферганага көчкөндө нойгуттар бул жүрүшкө катышпагандыктан оң канатта, сол канатта болгон эмес. Мындай абалда Бадакшан, Ходжен, Самарканд тараптагы кыргыздар да болушкан. Анткени, булар небактан эле ошерде жашаган ички кыргыздар эле. Жети Суу, Сыр Дарыя аймагы согуштардан бүлүнгөндүктөн кыпчактар, кыргыздар, түрк, саяк, усун уруулары эриш-аркак жайланышып жашашкан. Теңир Тоолук кыргыздарды Тагай бийден таратып, баштап калганынын себеби ушундан. Кыскасы, Ферганага Нойгуттар Тагай бийден мурда келишкен. Ошол себептүү алар анын өз жана өгөй балдарынын (дружина) тизмесине кирбейт. Алар Тагай бийдин ээлигинен батышта турушкан. Мындай абалда аякта эзелтен жашаган кыргыздар калышкан. Алар башка бийликте, башка дубанда жашашкан. Нойгуттар Алтайдан Чыгыш Түркстанга, андан Ферганага келишет. Бул жол энесай кыргыздарынын жолу. Башкалардан айырмаланып нойгуттар ошол жерге байыр алышкан. Анткени, ал жер илгертеден кыргыздар жашаган Сох дарыясынын өзөнү болгон. Бул жерден алар байыркы кыргыздарды табышкан. Жаңыл Мырза кыргызды издеп Лапнурга кетсе, Кара Мырза кандаштарын издеп Ферганага келген. Бир кезде Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын күчтүү уруусу экиге бөлүнүп кетишкен. 1911-12-жж. Кокон уездинде Нойгут–Кыпчак болушунда Дарыя, Кара Булак, Кушрут, Субаш айылдык жааматтарда 498 түтүн 4225 киши нойгут болгон. 20-к. ортосунда Баткендин Зардалы, Кыштут, Таян, Кан, Дара, Сары Талаа, Чек, Ак Топурак, Согмент, Газ, Зар Таш, Шурман айылдарында жайланышкан. Ноокатта, Фрунзе, Ленин райондорунда башкалар менен аралаш жашашат. Нойгуттар өзбекстандын Кува, Фергана, үч Коргон, Куйбышев райондорунда бар. Кыргыздын калыптанышына катышкан. Дыйканчылык кылышат. Буларда уруулук бөлүнүүгө караганда аймактык бирдик күчтүү. Ошол себептүү аларда санжыра, жыл сүрүү адатка айланбаган.

Нойгут уруусу боюнча адабияттар түзөтүү