Акбалта же Балта кыргыз урууларынын бири болгон нойгут уруусунун башчысы, Манастын чоросу болгон Чубак баатырдын атасы.

 
Уруусу: Нойгут уруусунун атасы.
Балдары: Чубак баатыр
Кесиби: Уруунун атасы

С. Каралевдин айтышында Алтайга айдалып барган кыргыздардын башына туруп буудай өстүрүү демилгесин көтөрүп чыгып, ал жердеги кыргыздардын байышына жол ачкан. Манастын атасы бай Жакып калмактардан коркуп, багына берели деген учурларда, ага акыл айтып, жөлөк болуп, кыргыздын башын бир тууга бириктрип турган кутман карыларынын бири. Жаш Манастын калмака согуш салмак болгон демилгесин колдоп берет. Кийин Манас Таласка көчүп келгенде, Ошпурдун уулу Кутубийди жанына алып кайра Алтайга көчүп кетет.

Акбалтанын малы толуп бай болуп, бирок карыганча эркек уулдуу боло албайт. Алтымыш аял алат. Бирок максатына жете албайт. Бала көрөм деп түмөндөгөн малынын теңин жетим-жесирге ырым кылып таратып жиберет. Көп өтпөй кайыптан болуп талаадан бала таап алат. Алып келип байбичеси Маркатайга бактырат. Маркатай - Кайып кандын кызы. Акбалта Чубакты тапканда 84 жашта болгондугу айтылат.

Булагы түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү