Норвегия илим жана адабият академиясы

Норвегия илим жана адабият академиясы - Норвегиядагы жогорку илимий мекеме.


1857-ж. Ослодо негиздел­ген. Матем.. табият таануу илимдери жанa тарых, филос. илимдери деген 2 секциясы бар. 1971-ж. Академияда 299 анык мүчө, 161 чет элдик адис болгон.

Анда «Эмгектер», «Докладдар», «Бир жылдыктар» сыяктуу илимий эмгектер басмадан чыгарылып турат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.