Норвег агымы
Норвег агымы – Норвег деңизиндеги үстүнкү жылуу агым. Түндүк Атлантика агымынын бир тармагы. Норвегияны жээктей түндүктү карай агып, 67˚ түндүк кеңдиктерде Баренц деңизине өтүп, Нордкап агымы, андан ары түндүктө Шпицберген агымы деп аталат. Кышында суунун темпрасы 5–7˚С, жайында 10–12˚С. Ылдамдыгы 25–50 см/сек. Скандинавия жарым аралынын климатына, Норвег деңизинин чыгыш бөлүгүнүн гидрологиялык шарттарына таасирин тийгизет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7