Нургүл Йешилчай (түрк. Nurgül Yeşilçay) - 1976 жылы 26 мартта Түркиянын Афьон-Карахисар шаарында төрөлгөн.Түркиялык актриса жана фотомодель.«Келин» (Эзо), «Сүйүү жана жаза» (Ясмин), «Турмуштун таш-талканы» (Гүлсерен) жана башка филмдерде роль жараткан.

Нургүл Йешилчай
түрк. Nurgül Yeşilçay

Nurgül Yeşilçay
Туулган датасы:

26 -март 1976(1976-03-26) (48 жаш)

Туулган жери:

 Түркия, Афьон-Карахисар шаары

Жарандыгы:

 Түркия

Кесиби:

Актриса, фотомодель

Карьерасы:

1998 - азыркы учурда

IMDb:

ID 0947721

Биография түзөтүү

Нургүл Йешилчай актрисалык окууну университеттен эмес, мектептен баштаган. Секелек кезинде эле болочоктогу актрисанын өнөрүн байкаган ата-энеси аны искусство мектебине беришет. Андан соӊ Эскишехир шаарындагы Анадолу университетинин алдындагы музыка жана драма мектебинде билим алган. Кесиби тууралуу анын: «Актрисалык мага Кудайдан берилген өнөр, эгер актриса болбосом, анда башка кесиптин ээси болмок эмесмин»,- деп айтканы бар. Университетте окуп жүргөндө Шекспирдин драмаларын театрда аткарып театр актрисасы катары окуу жайга белгилүү болгон. Нургүл 1998-жылы «Баары эӊ жакшы болот» деген киного тартылып дебют жасаган. Актрисага КМШ өлкөлөрүндө атактуулук алып келген «Сүйүү жана жаза» сериалы болду. Ал эми Түркияда актриса гана эмес, шоу берүүлөрдүн алып баруучусу катары да белгилүү. Билсеӊиз, түрк сериалдарына Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да талап жогору. Белгилүү түрк телеканалы жүргүзгөн сурамжылоодо Бириккен Араб Эмираттарынын мырзалары түрк актрисалары Туба Бүйүкүстүн менен Нургүл Йешилчайды сулуу деп эсептешери маалым болгон. Айрыкча Нургүлдүн көк көздөрү араб эркектерине өзгөчө жагат экен.

Фильмографиясы түзөтүү

Тасма
Жылы Түркчө аталышы Роль Кошумча
1998 Herşey Çok Güzel Olacak Hemşire İlk sinema filmi.
2001 Şellale Nergis
2002 Mumya Firarda Fatıma
2003 Asmalı Konak: Hayat Bahar Karadağ
2004 Anlat İstanbul Uyuyan Güzel Saliha
2005 Eğreti Gelin Kostak Emine
2007 Adem'in Trenleri Hacer
2007 Yaşamın Kıyısında Ayten Öztürk
2008 Vicdan Aydanur
2009 7 Kocalı Hürmüz Hürmüz
2011 Çınar Ağacı Sonay
2013 Aşk Kırmızı Nazlıgül
2014 Gece Süsen
2014 Pek Yakında Hemşire
2016 İkinci Şans Yasemin
Телекөрсөтүү
Жылы Түркчө аталышы Роль Кошумча
1998-2001 İkinci Bahar Gülsüm Percons Meriç İlk televizyon dizisi
2001 90-60-90 Deniz
2002-2003 Asmalı Konak Bahar Karadağ
1995-2007 Reyting Hamdi Nurgül
2004-2005 Melekler Adası Şerbet, Ayşe
2005-2006 Belalı Baldız Arzu Parlak
2006-2008 Ezo Gelin Ezo Gündoğdu
2010-2011 Aşk ve Ceza Yasemin
2011-2012 Sensiz Olmaz Feryal
2012 Sultan Sultan
2013 İşler Güçler Nurgül Yeşilçay Konuk Oyuncu
2013 Galip Derviş Şeyda Sönmez Konuk Oyuncu
2013 Bebek İşi Candan (Anne)
2014 Cinayet Zehra Kaya
2014-2016 Paramparça Gülseren
2016 Muhteşem Yüzyıl Kösem Kösem Sultan Başrol Oyuncusu

Жеке жашоосу түзөтүү

Актриса 2004-жылы актёр, режиссёр Жем Өзерге турмушка чыгып, 2005-жылы уулдуу болгон. 2010-жылы Нургүлдүн сунушу менен түгөйлөр ажырашышат. Түрк басылмалары актрисанын бул кадамын күйөөсүнүн ашыкча кызганчаактыгы менен байланыштырышат. Андан соӊ актриса режиссёр Толга Карачелик менен 2 жыл жарандык никеде жашаган. Анын: «Мен үчүн паспорттогу штамп маанилүү эмес, башкысы, менин бактым»,- деп айтканы бар. Бирок Йешилчайдын бул сүйүүсү көпкө уланбай, Толга Карачелик экөө эки ажырым жолго түшүшөт. Учурда актриса тууралуу «өзүнөн беш жаш кичүү дарыгер мырза менен мамиле түзүп жүрөт» деген кептер бар. Бирок актриса бул тууралуу: «Сүйүктүүм дарыгер эмес, ишкер. Медициналык жабдыктарды ташыган фирмасы бар, ошого дарыгер деп адашып алышса керек»,- деп айткан.

Жеке жашоосу тууралуу Нургүлдүн айткандары

Алгачкы сүйүүмө 16 жашымда туш болдум. 16 жаш баарын сезим менен чече турган курак эмеспи. Мен да жигитим менен үйдөн качып кетип өз алдымча жашап көргөм. Экөөбүз сыз, ным тарткан үйдө ачка-ток жашап, сүйүктүүм кургак учук менен ооруп калды. Кайра экөөбүз кайтып келгенде атамдан жаакка жегем. Ал эми сүйүктүүмдүн атасы мени баласына жолотпой, бейтапканага да кире албай койгом. Кийин жигитимди атасы АКШга жөнөтүп жибериптир. Ошону менен алгачкы сүйүүмдү көргөн жокмун.

- Менин уулум Осман үчүн «авторитетмин», ал үй тапшырмасын аткарбай жалкоолонуп баратканда терс каармандын образындагы актрисага айланам. Ал мени менен киного тартылганды аябай жакшы көрөт. Бирок уулумдун актёр эмес, режиссёр болушун каалайм.

- Эч качан аялы бар эркекти сүймөк эмесмин. Ажырашуу азабын эч бир аялга ыраа көрбөйм, анткени ал менин башымдан өткөн.

- Мырзалардын телефонун чукулап, почтасын текшерип «компромат» издеген эмесмин. Ал менин жанымда болуп, мени сүйсө жетиштүү...

Чыгармачылыгы түзөтүү

Учурда телеканалдарда жүрүп жаткан «Турмуштун таш-талканы» сериалында актриса келишим боюнча 52 гана сериясына тартылат. Актриса андан аркы бөлүгүнө тартылуудан баш тарткан. «Сүйүү жана жаза» сериалында өзүнүн визажисти, стилисти менен иштеген. Анткени өнөктөшү Мурат Йылдырымдан жаш көрүнүшү керек эле. Нургүл тасма талаасында режиссёрлорго «каприздерин» көрсөткөн актрисалардын тизмесине кирет. Түркияда кесиптеши Туба Бүйүкүстүн менен рейтинги бирдей. Анан да Туба менен Нургүл тымызын атаандашат деген кептер бар. Буга Нургүл Йешилчайдын Туба Бүйүкүстүн тартылган тасмада роль аткаруудан баш тартканы себеп дешет.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү