Нур илдети өсүмдүктө
Нур илдети өсүмдүктө - ар түрдүү иондоштуруучу нурдун кесепетинен өсүмдүктө болуучу патологиялык процесс.
Альфа-бөлүкчөлөр менен нейтрондор өсүмдүктөрдүн нуклеин. углевод жана май алмашуусун бузат. Илдет өсүмдүктүн өсүшүн токтотот, түрүнө, сортуна жараша чүнчүтөт. Ага чалдыккан өсүмдүк жугуштуу илдеттерге туруксуз келет, тамак-аш жана малга тоют катары колдонууга жарабайт, анткени адам менен мал нур оорусуна чалдыгат.
Өсүмдүктү Нур илдетинен коргоо ыкмалары аз.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.