Нуталлиоз - пироплазмидалар тукумундагы бир клеткалуу мите - нутталлия козгоочу сыңар туяктуулардын протозойлуу ылаңы.

Дүйнөнүн бардык бөлүгүндө; Нутталлиоз дарт тараткыч кенелердин актпвдуулүгүнө байланыштуу көбүнчө жазында жана жайында чыгат. Дарттуу малдын температурасы көтөрүлуп, шалдайып, начарлайт. Көзүнүн, оозунун ичи саргарып, эритроциттин жанa гемоглобиндин саны азаят. Диагноз клиникалык, эпизоотологиялык маалыматтардын, микроскопиялык изплдөөлөрдүн негизинде коюлат. Химия-тераппялык дарылар колдонулат. Профилактика: дарт тараткыч кенелерди жок кылуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.