Пироплазмидоздор — сүт эмүүчү жаныбарлар, куш, балык жанa жерде- сууда жашоочулардын (адамга да жукканы белгилүү) кеңири тараган кан мителүү ылаңдардын тобу. Аны бир клеткалуу пироплазмид организмдери пайда кылат.

Малдын өлүмү (30—60%), кунардуулугунун төмөндөшү, профилактикалык жанa дарылоо үчүн кеткен орчундуу каражаттар чарбага экон. залал келтирет. Пироплазмидоздордун ылаңдаткычы Кызыл кап денечелеринин (эритроциттердин) ичинде мителейт. Боёлгон препаратта тегерек, алмурут, амёба сымал формада болот. Пироплазмидоздор — жаз-жай айларында кездешүүчү мезгилдүү ылай. Аны иксода кенелери таратат. Дарттуу мал калтырап, көзүнүн, оозунун ичи саргарып, анемия, гемоглобинурияга чалдыгат. Мал начарлап, жем-чөп жебейт. жүрөк, ичеги-карындын иштеши бузулат. Ылаңдан айыккан малда 4 айдан 2—3 жылга чейин иммунитет жаралат.

Профилакта малды кенеге чактырбоо, атайын препарат­тар менен эмдөө (химиопрофилактика).

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.