Ньо́ро (баньоро) — Уганданын батышында (Альберт көлдүн чыгышында) жашаган банту эли.
Саны 900 миң адам (2012).

Ньоро тили жана маданияты боюнча торо элине жакын.

Ньоро

Ньоро жаштары.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 900 миң адам (2012)
 Уганда

Тили

ньоро

Дини

Христианчылык (протестанттар),
Ислам (сүннөттөр),
Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Кирет

бантулар

Тууган элдер

торо

Ньоро (руньоро, луньоро) тилинде сүйлөшөт. Банту тилдерине кирет.
Ошондой эле ганда жана англис тилдери кеңири тараган.

Калктын арасында христиандар (протестанттар) жана мусулмандар (сүннөттөр) бар.
Жергиликтүү салттуу ишенимдер (политеизм, ата-бабалардын жана рухтардын культу) да сакталууда.

Чарбалык иштер

түзөтүү

Негизги салттуу кесиптери малчылык (өркөч зебу-санга) жана дыйканчылык (таруу, ямс, батат, сорго, банан, жер жаңгак).
Балык уулоо (Альберт көлүндө).
Мурун пилдерге, крокодилдерге, арстандарга аңчылык практикаланчу.
Туз өндүрүү (Кибиро айылы).

Кол өнөрчүлүк

түзөтүү
  • карапачылык (геометриялык оймо-чиймелер менен идиш-аяк);
  • темир устачылык;
  • токуучулук (килем ж.б).

Өсүмдүк буласынан (луба) же булгаарыдан жасалган жамынгыч. Ал ийинге ыргытылат же белге оролот. Жасалгалар аз колдонулат. Мурун алдыңкы 6 тишти алып, чачтарын кырып салышчуу.

Турак жай

түзөтүү

Алар краальдарда жашашат. Турак-жай план боюнча тегерек, жыгач каркастан.

Коомдук уюм чоң үй-бүлө (киджу) жана айылдык (мигонго) жамааттарга, патрилинейлик тотемдик кландарга (руганда) негизделген.
Нике патрилокалдык. Көп аялдуулук. Маанилүү ритуалдык ролду аялдын атасынын эжелери менен болгон мамилеси ойнойт.
Мурун кандуу өч алуу (ку­хо­ра нзи­гу) болгон.

Маданият

түзөтүү

Фольклор эпикалык жана тарыхый салттардан турат. Музыкалык аспаптар – барабан жана үйлөмө аспаптар.

Ньоро эли банту жана нилот уруулардын миграциялык кыймылынын (1 миң жылдыкта) процессинде калыптанган.

Салт боюнча ньоро үч урууга бөлүнгөн:

  • бито — түштүктө жашаган нилоттордун тукумдары;
  • иру — ньоро элинин эң көп сандаган өкүлдөрү;
  • хима — түндүктө жашаган узун бойлуу жана азыраак кара тору.

Ал бөлүнүш азыркыга чейин сакталып калды.

2-миң жылдыктын башында дыйканчылык менен малчылык маданияттардын кесилишинде Китара алгачкы мамлекеттик түзүлүш пайда болуп, андан кийин Буньоро мамлекети бөлүнүп чыккан.

Мамлекет башчысы (омукама) кеңешке (рукурато) таянган, бито уруусунан чыккан адам болгон. Административдик-аймактык бөлүнүүнүн так системасы болгон.

Буньоро Чыгыш Африка жээктери менен сооданы (пилдин сөөгү, жаныбарлардын терилери, кулдар) көзөмөлдөө үчүн ганда менен атаандашкан.

18-кылымга чейин Буньоро азыркы Уганданын аймагында алдыңкы мамлекет болгон, бирок кийин бир катар тышкы жана ички себептерден улам алсырап калган.

19-кылымдын ортосунан Буньоро Буганда мамлекетине көз каранды болгон.

1900-жылы Буньоронун көпчүлүк бөлүгү Улуу Британиянын Уганда протекторатынын курамына кирген.

1993-жылы Буньоро падышалыгы калыбына келтирилип, 1995-жылы анын статусу Уганданын жаңы конституциясында бекитилген.

Булактар

түзөтүү