Обжектке багытталган программалоо
Обьектке багытталган программалоо (англ. Object-oriented programming - орус. Объектно-ориентировванное программирование) - башкы кызыкчылыгы обжекттерди кайталап колдонуу жана аларды өзгөртүү болгон программалоо жолу. Обжект – класс деп аталган абстрактуу берилиштер тибиндеги чоңдук. Ар бир класс бир же андан көп туунду класс деп аталган төмөнкү деңгээлдеги класстарга ээ боло алышат. Деңгээли жогору болгон класс супер же база классы деп аталат. Ар бир туунду класс суперкласс обжекттеринин методдорун жана белгилерин мурастап алат.
Объект бул маалыматты жана функцияларды камтыган структура. Реалдуу дүйнөдөгү нерселерди же концепцияларды моделдейт, мисалы, машина, студент же бухгалтерия. Объекттин мүнөздөмөлөрү (атрибуттары) жана функциялары (методдору) болот.
Класс бул объекттердин типтерин аныктаган шаблон. Ал объекттин мүнөздөмөлөрүн жана жүрүм-турумун аныктайт. "Автомобил" классы бардык автомобилдер үчүн жалпыланган мүнөздөмөлөрдү жана функцияларды камтыйт.
Инкапсуляция бул объекттин ички мүнөздөмөлөрүн жашырууга жана контролдоо мүмкүнчүлүгүн берген концепция. Аны контролдоо үчүн "getter" жана "setter" методдору колдонулат.
Наследование бул класстардын мүнөздөмөлөрүн мурас катары алуу процессин билдирет. "Транспорт" классы "Автомобил" классына мурас берип, анын мүнөздөмөлөрүн жана функцияларын алууга мүмкүндүк берет.
Полиморфизм бул объекттердин ар кандай типтерде өз ара аракеттешүүгө мүмкүндүк берүүчү концепция. Бир метод бир нече объектте ар кандай түрдө иштей алат.
OOP концепциялары программалоону структуралаштырып, кодду кайра колдонууга, оңой иштетүүгө жана тапшырмаларды натыйжалуу аткарууга шарт түзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.-2004. ISBN 9967-14-014-3