Ойрот биримдиги (15-кылымдын башы)

тарыхый мамлекет.
Ойрот хандыгы‎»‎ барагынан багытталды)

Ойрот биримдиги (Төрт Ойрот хандыгы) – батыш моңгол урууларынын саясий түзүлүшү. Угэчи-Кашка улусуМоңголиядагы жана Түштүк Сибирде жайгашкан тарыхый мамлекет. Н. Бичурин, В. Бартольд ж. б. окумуштуулар Ойрот биримдигин «биримдик», В. Рязановский, К. Костенков ж. б. «союз» деп түшүндүрсө, Б. Я. Владимирцeв моңголдордун «ойрад» (калм. «өөрд» – «жакын») деген сөзүнүн маанисине карап, европалык ориенталисттер «союздаш» деп түшүнгөнүн, иш жүзүндө ойрот союзу болбогонун эскертет. Кытайдагы Юань династиясынын кулашы (1368) Батыш Моңголиядагы ойрот (чорос, тыргоот, хошут, дөрбөт) урууларынын күч алышына алып келген. Эсендин (1440–55) тушунда Балхаш көлүнөн Улуу Кытай дубалына чейинки аймакты кучагына алган Ойрот биримдиги түзүлгөн. 1468-ж. Алтайдын чыгышындагы Таш-Туранду деген жерде Манцухай-Сайн-Хатун жетектеген моңголдордун колунан жеңилгенден кийин ойроттордун бир бөлүгү түндүк-батышка, экинчи бөлүгү түштүккө, Акбаржин (Абабарци-чинсанг) башында турган сибирь кыргыздары Чыгыш Тянь-Шандын тоолуу райондоруна (Комул, Баркөл) көчүп, Ойрот биримдиги майда ээликтерге ажырап кеткен.

Ойрот биримдиги
конфедерация
1399 — 1634



Тил ойрот тили
Дин Теңирчилик, Шаманчылык, Буддизм
Калк калмактар, ойроттор
Сулале (династия) Чорос
Тайши
 - 1399—1399 Угэчи Кашка
 - 1399—1916 Абабарци Чингсанг (Акбаржын)
 - 1417—1439 Тогон тайшы
Өтүүчүлүк
Юань империясы
Жуңгар хандыгы
Калмак хандыгы
Хошут хандыгы

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.