Угэчи Кашка
Угэчи Кашка (моңг. Үгэчи хашиха) – 14-кылымдагы ойрот хандыгын негиздеген кыргыз ханы. Юань династиясынын кулашы Моңголиядагы жана ага чектеш жайгашкан кыргыз урууларынын биригүүсүнө жакшы шарт түзгөн. Саясий бийликти алууга кыргыздар жигердүүлүк менен катышкан. Кыргыз башкаруучусу Учечи кашка (Мэнке Темур деген аттар менен да белгилүү болгон) 14-кылымдын аяк ченинде ойроттордун жана моңголдордун көпчүлүк бөлүгүнө өз бийлигин орноткон.
Угэчи Кашка |
---|
Биографиясы
түзөтүүУгэчи Хашигу, Худхай-Тайюнун баласы, жана Ойрот биримдигинин негиздөөчүсү. 1399 жылы Угэчи, жана анын байкеси Батула менен, Моңгол ханын Элбэгти каза кылышат, анын бүт ээлигин, жана ан сарайын алып алышат. Ошогул эле жылы ал экөө Ойрот хандыгын мамлекеттей негиздешет.
1402 жылы Тайшинин жанында, Угэчи согушта моңгол ханын Гун Тэмур-Ханды өлтүрөт, Тэмур Хан Элбегтин улуу баласы болгон. Кийинчерээк Угэчи Кашка куурчак Оруг Тэмур-хандын монгол тактысына отурушун колдоп, Юань хандын даңкын жок кылган. Оруг Тэмур-хан «Чингсанг» аттуу даңкты өзүнүн Аргутайга досуна берет, кийин ал Чыгыш Моңголиянын башкаруучусу болот. 1403 жылы моңгол ханынан Олдзейден утуу алат, Элбегтин экинчи баласы. 1407 жылы өзүнүн ээлигине Хами Князьдыгын кошот. 1408 жылы Оруг Тэмур-Ханды Аргутай өлтүргөн.
Келип чыгуусу
түзөтүүКытай тарыхый булактарында Угэчи Хашигуну жана Гүйлүчү жана ойрот ханын Мэңкэ-Тимур жана торгуттук Махачи-Менкэ менен бир адам деп жазышат. Хашигуну тарыхчылар айтышат Угэчи Хашигу «КЕРГУТ» ойрот уруусунун башында турган. «Эрденин Тобчи» жазмасында «КЕРГУТ» уруусунун негиздөөчүсүнүн аты ЭРКЭГ, Дува Сохордун баласы, жана ойроттордун жанаДурбэндердин ата-бабалары. [1]. Ряд исследователей предками кергутов называет кереитов[2], другие — киргизов[3]. Д. Г. Кукеевдин оюу боюнча, Гүйлүчү, Менкэ-Тимур жана Угэчи-Кашка — Ойроттордун курамындагы, жана моңголдук жазуучулар атаган «КЕРГУТТАРДЫН», ага чейинки «КЕРЕИТТЕРДИН» башында турган бир адам деп жазышат[2][4].
Орто-Азиялык «ТИМУРИДТЕР» убагындагы тарыхчылардын оюу боюнча Гүйлүчүнүн генеалогиясы Угэдэйден чыгат. Жапондук изилдөөчү Минобу-Хонда жана моңголдук тарыхчы Ш. Бира ушул далилдөөгө кошулушат. [5].
Бийлик аталышын (Юань династиясы) өзгөртүп, өз ээлигин Дадань (Татар) деп жарыялаган. Учечи кашкар көз жумгандан кийин, анын уулу Эсэху хан бийликти мурастап, 4 бөлүктүү ойрот мамлекеттик бирикмесин негиздеген. Бул союзга элуте, бахатутэ, хойт, кыргыздар кирген. Ойрот жана Моңголия кыргыздардын бийлиги астында турганда (1399–1425) Учечи кашка жана анын уулу Эсэху хан соода жолдорунун тоомунда жайгашкан Хами өрөөнүн ээлеп алууга аракеттерди жасашкан.
Батыш Теңир-Тоого, Ысык-Көл багытына аскер жүрүштөрү уюштурулган. 1435-жылы Эсэху хандын өлүмү менен Ойрот союзундагы кыргыздардын бийлиги бошоңдой баштаган. Чорос урууларынан чыккан кыргыздар союздун башкаруу бийлигинде өз таасирин сактап калышкан. 15-кылымдын 40-жылдарында ойроттордун курамындагы кыргыз аскерлери Пекинге жасалган жүрүшкө катышкан. Бул согушта кытай армиясы талкаланып, император И-Цзун туткунга түшөт. Ошол мезгил Ойрот мамлекетинин гүлдөгөн учуру болгон.
Колдонулган адабият
түзөтүү- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.