Ой Алма тоосуАт-Ойнок кырка тоосунун түш. тармагы. Ойалма суусунун (Нарындын оң куймасы) алабынан орун алган.

Дого сымал түндүктөн түштүккө карай 25 кмдей созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3100–3300 м, эң бийик жери 3502 м. Кыры аска-зоолуу, капталдары кокту-колоттуу. Бийик түн. бөлүгү силурдун чополуу ж-а көмүрлүү сланец, кумдук, туф, жапыз бөлүгү карбондун метаморфизмделген акиташ, мрамор тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа ж-а талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а токойлуу шалбаа (1600–2600 м), бийик чөптүү шалбаа (2600–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2