Ой Кайыңды суусуЖумгал районундагы суу, Көкөмерендин сол куймасы. Узундугу 33 км, алабынын аянты 235 км2. Музтөр деген ат менен Жумгал кырка тоосунун түштүк капталынан башталат да, Жумгал жана Ой-кайың тоолорунун аралыгы менен агып, Көкөмеренге куят. Ортоңку бөлүгүндө жайык, Көкөмеренге кошуларда кууш өрөөн менен агат. Жылдык орточо чыгымы 1,5–2,8 м3/сек, эң көп чыгымы июнь–июлда, азы февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Ири куймалары: Талдысуу, Туурасуу, Түзашуу, Акташ, Кошбулак (оң), Басады, Боронду (сол ). Сугатка пайдаланылат. Боюнда Тунук кыштагы жайга шкан.

Ой Кайыңды суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 33 км
бассейндин аянты 235 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Жумгал району

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2