Океанография институту
Океанография институту - мамлекеттик — СССРдин Гидрометеорология кызматынын башкы башкармасынын океанография жана деңиз гидрологиялык эсентөөлөрү боюнча борбордук илимий изилдөө жана илимий-методикалык мекемеси.
1943-ж. Москвада уюшулган. Ленинград, Одесса, Севастополь шаарларында бөлүмдөрү, Бакуда лаборораториясы болгон. Институттун негизги максаты — океандардагы. деңиздердеги жана ири дарыялардын чаттарындагы физ. жана хим. процесстерди жана кубулуштарды ар тараптан изилдөө. Негизги маалыматтар институттун «Эмгектеринде» монографияларда, справочниктерде, атластарда басылып чыгат. Океанография жана деңиз гидрохимиясы боюнча эл аралык байланыш жүргүзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.