Окуу программасы – бул расмий мамлекеттик документ. Анда окуу планына ылайык ар бир окуу предмети боюнча окуучулар тарабынан өздөштүрүлүүчү билим, билгичтик көндүмдөрдүн дидактикалык модели аныкталат. Мектепте канча окуу предмети болсо алардын ар биринин өз өзүнчө программасы болот. Окуу програмасынын структурасы төмөнкүлөрдөн турат:

1. Окуу предметин үйрөнүүнүн максаты, балдардын билим коюлуучу талаптар сунуш кылынган окутууну фермалары жана методдору»

2. Окуу материалынын тематикалык мазмуну;
3. Предмет ичиндеги айрым темаларды үйрөтүүгө бөлүнгөн убакыт;
4. Предметтер аралык байланышты камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөр;
5. Окуу куралдарынын каражаттарынын тизмеси;
6. Сунуш кылынган адабияттар.
Окуу программалар типтүү, жумушчу, автордук болушу мүмкүн. Типтүү окуу программалар мамлекеттик билим стандартынын талаптарынын негизинде иштелип чыгат жана билим берүү министрлиги тарабынан бекитилип бардык мектептерге сунуш кылынат. Жумушчу окуу программалары конкреттүү шарттарга ылайык реалдуу окутууну жүзөгө ашыруу үчүн мугалимдердин өзү тарабынан түзүлµт. Жумушчу окуу программалары ар бир окуу курсу, класска ылайыкталып эреже катары бир окуу жылына карата түзүлµт. Мында мамлекеттик билим стандарттары менен бирдикте аймактык өзгөчөлүктөргө байланыштуу темалар, мектептин билим берүү концепциясы, мугалимдин дидактикалык концепциясы, окуучулардын өзгөчөлүктөрү, маалыматтык, техникалык каражаттар мүмкүнчүлүгү эске алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004