Олимпия - Пелопоннестин түндүк-батыш бөлүгү — Элида аймагындагы байыркы грек шаары; диний жай, грек мифологиясындагы теңирлердин теңири Зевстин зыяратканасы жана ага багышталган Олимпия оюндары өтчү борбор.

Олимпия.

Архитектуралык келбети не­гизинен б. з. ч. 7—4-кылымда түзүлгөн. Христианчылыкгын тарашынан Олимпия начарлап, рим императору Феодосия Пнин буйругу менен өрттөлгөн. Cоо калган бирин-экин курулуш жана ста­туя 522 жана 551-жылкы жер титирөөдө кыйраган.

1829-ж. француз археологдору казып (1875-жылдан системалуу түрдө), 130дан ашык статуя, 13 миңче коло буюм, 10 миңче коло такта жазмасын ж. б. табышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.