"Олимп баатырлары" (англ. The Heroes of Olympus) — америкалык жазуучу Рик Риордандын калемине таандык мифологиялык фантастика жана фэнтези романдар бешилтиги. Баары биригип "Перси Жексон жана олимпиалыктардын" уландысы болуп саналат. Китептер сериясы гректердин жана римдиктердин жарым кудайы жана жердин кудайы Геянын ортосундагы чыр-чатактар тууралуу маалымат берет. Риордандын китептерине рим уламыштары киргизилип, бир нече жаңы каармандар да ойлонуп чыгарылган. Бул циклдеги биринчи китеп, "Жоголгон баатыр" (англ. The Lost Hero) 2010-жылдын 12-октябрында жарык көргөн. Ал эми бул сериядагы акыркы бөлүм, "Олимптин каны" (англ. The Blood of Olympus) 2014-жылы 7-октябрда басылып чыгарылган.

Сюжети түзөтүү

"Олимп баатырларынын" мазмуну "Акыркы олимпиалыкта" чыккан пайгамбарлыктын айланасында өнүгөт. Анда жети жарым кудай жерди Геядан куткарыш үчүн биригээри тууралуу айтылган болот. Жарым кан грек жергесиндеги жана жаңы ачылган рим жергесиндеги Юпитердеги жарым кудайлар Гея тарабынан кыргынга учурабаш үчүн дүйнөнү сактап калыш үчүн биргелешип иштешет. Пайгамбарлыкта мындай делет:

Жети жарым-кандар кайрылууга жооп берип, Бороон менен отко дүйнө кайра чөгөт. Антты акыркы демге чейин кармап, Өлүм дарбазасына душмандар жөнөйт.

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү