Ричард Рассел Рордан кичүү (англ. Richard Russell Riordan Jr./ˈraɪərdən/; 1964-жылы 5-июнда туулган) - Рик Риордан деген ылакап ат менен белгилүү америкалык жазуучу. Ал он эки жаштагы баланын, атасы Посейдон экендигин тапкандыгын баяндаган "Перси Жексон жана олимпиялыктар" (англ.Percy Jackson & the Olympians) чыгармасынын автору катары белгилүү. Риордандын чыгармалары 42 ден ашуун тилдерге которулган жана АКШда 30 миллиондон ашуун көчүрмөдө сатылган. Ал эми Twentieth Century Fox "Перси Жексон" чыгарылышындагы алгачкы эки китепти адаптациялоо менен бир нече бөлүмдүү тасма тарткан. Анын чыгармалары медиянын жардамы менен таратылган. Мисалы: графикалык роман менен кыска аңгемелер топтомдору.

Рик Риордан (2018).

Риордандын биринчи толук кандуу романы "Чоң кызыл текила" (англ. Big Red Tequila), "Трес Наварре" чыгарылышындагы биринчи китеп болуп саналат. Ал эми анын "Перси Жексон" аттуу беш томдуу китебиндеги биринчи роман "Чагылганды урдоо" ага атактуулукту алып келген. Бул чыгарма грек-рим мтфологиясына негизделип өспүрүмдөрдүн жашоосун баяндайт. Андан бери, Риордан "Кейндин хроникалары" үчилтигин жана "Олимпустун баатырлары" чыгарылыштарын жазган. "Кейндин хроникалары" (англ. The Kane Chronicles, 2010-2012) аттуу китеби египеттик мифологияга негизделген. Ал эми "Олимпустун баатырлары" (англ.The Heroes of Olympus) китеби "Перси Жексон" киетбинин уландысы болуп саналат. Scholastic Press басылмасына жардам катары "39 далил" (англ. The 39 Clues) жана анын уландыларын жазууга жардам берип, 2008-жылы "Сөөктөрдүн лабиринти" (англ. The Maze of Bones) аттуу китебин жазган. Риордандын акыркы эмгектеринин бири норвегиялык мифологияга негизделип жазылган "Магнус Чейз" (англ. Magnus Chase) жана "Асгард кудайлары" (англ . Gods of Asgard) аттуу эки китептен турган окуялар болуп саналат. Анын "Аполлонун сыноолору" (англ. The Trials of Apollo) аттуу аңгемелер топтому, "Сырдуу оракл" аттуу грек мифологиясына негизделип, 2016-жылы май айында чыккан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү