Олуя-Ата
Олуя-Ата – топоним. Кыргыз жана ага жамаатташ элдер мекендеген жерлердин бири катары эпосто кеңири кезигет.
«Каныкейдин жомогунда»:
«Боз мунарык керүү ошол,
Чалкайыңкы кең өзөн,
Олуя-Ата жери ошол» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 146), - деп Каныкей Семетейге Олуя-Атанын жайын түшүндүрөт. Географиялык реалия катары Олуя-Ата (азыркы Жамбыл) – Казакстандагы шаар. 19 кылымда Казакстандагы Тараз шаары "Аулие Ата" деп аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4