Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—4 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Узундугу 2—3 м. келген тактайлар.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар тактайды дөңгөчкө, жерге ташка ортосунан тең, салмактуу кылып коюшуп, экиден болушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат,

Оюндун баяны түзөтүү

Кезектеги эки оюнчулар тактайдын эки учтарына отурушуп, буттары менен түртүнүшүп омпо-чомпо тебишет. Андан кийин калган оюнчулар кезектери келгенде оюнду улантышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюн тең салмакты сактоого, туруктуулукка, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү