Онгон (моң. таза, ыйык, эң алгачкы, наристе актык) — моңгол элдеринин бакшылык мифологиясында көзү өтүп кеткен ата-бабанын арбагы ушундай аталат да анын жыгачтан же таштан жасалган тулкусу (андан башка кийиз, тери, жүн, мата же металлдан деле жасала берет) да О. аталат. О. уруунун, урук-тукумдун, жеке бүлөнүн, кээде жашоо ыңгайына карата дыйкандын, устанын жана башкалар ата-бабасынан келаткан расмилерине ыйык тутулат да тотемдик милдет аткарат. Мазарларга, ыйык, ээси бар аталган жерлерде да О. орнотулган. О. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашына келген Нескара элди сынап аттарды жана баатырларды тегиз сыпаттап жатканда:

Үзөнгүсүн үзө чиреген,

Найзасын көккө тиренген,

Дөбөдөй даңкан боз минип

Төрөдөй болуп турган ким?

Киш кара тон кийген ким?

Кара ичиктүү онгон ким?

Тиги эле калмак жакта болгон ким? (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 9, 83-б.), — деп Едиге баатырды О-го теңейт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4