Онихомикоз — тырмактын патогендүү мите козу карындар пайда кылган оорусу.
Көбүнчө онихомикоз, кандидоз, эпидермофития, трихофития, таз жана башка ооруларда кезигет. Кол, буттун манжалары катуу урунуудан эзилип, кан жүрүшү начарлап калганда микоз оорусуна чалдыгат. Онихомикоз адатта ошол микоз оорусунун негизинде пайда болот. Жараланган тырмактар бузулуп, карарып жана калыңдап четинен сынат, түшөт, сыйрылат. Айрым учурда тырмактын баары, кээде айрым тырмактар жабыркайт. Онихомикоз теринин, чачтын мите козу карын оорулары менен бирге, чанда өзүнчө болушу мүмкүн. Аны дарылоодо ооруга чалдыккан тырмакты алып таштоо зарыл. Ал үчүн тырмакты эрите турган, атайын дары кошулган майлар сунуш кылынат. Кээде хирургиялык жол менен тырмакты алып таштап, анын ордун дарылоо керек. Онихомикоздун алдын алуу үчүн кол-буттун тырмагын травмадан сактоо жана аны ырбатпай тез алдырып, аларды таза кармоо керек. Бут кийимди туура тандап кийүү талапка ылайык. Мончо, бассейнде атайын бут кийим сунуш кылынат.

Онихомикоз

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8