Кандидоз — мите козу карындар козгоочу оору. Кишинин териси, былжыр чели, чанда ички органдары жабыркайт. Аны ачыткы сымал мите козу карын — кандида козгойт. Ал табиятта кеңири тараган, жашылчада (айрыкча канттуу), жемиште жашайт. Демейде кишинин терисинде, ооз жана ичеги-карын былжыр челинде кездешет. Ымыркай балага кандида козу карыны төрөт мезгилинде эле жугуп, анын тери жана былжыр челинде өмүр бою жашайт. Алар дени соо адамдын организминин нормалдуу иштешине эч зыян келтирбейт. Кандида адамдын ооруга каршы туруктуулугу начарлаганда, көпкө ооруганда (туберкулёз, дизентерия жана башка) же организмге керектүү заттардын жетишсиздигинде, антибиотиктерди врачтын көзөмөлүсүз көп колдонгон учурда пайда болот. Ашкере колдонулган антибиотик зыяндуу микробдор менен бирге ооз менен дем алуу органындагы жана ичеги-карындагы тамак сиңирүүгө катышуучу микробдорду жок кылып, кишинин териси жана былжыр челиндеги микроорганизмдердин биологиялык тең салмактуулугун бузат. Мунун натыйжасында антибиотиктердин таасирине чыдамдуу Кандидоздун козгогучтары (кандида) өтө тез көбөйүп, ооруну пайда кылат. Кандидоз менен көбүнчө ара төрөлгөн, оорукчал балдар көп ооруйт. Адегенде балдарда «оозул» пайда болуп, оорулуунун тили, бүйлөсү ак калың катмар менен капталат, ал оңой сыйрылып, кайра пайда болуп турат. Чоң кишилерде, адатта жашылча-жемиш менен, ошондой эле мончодо иштегендердин жана идиш-аяк жуугандардын колу жабыркап, аялдарда жыныс органдары, алардын тырмагынын тегереги кызарат, шишийт, ооруйт. Өтө семиз кишилердин жана балдардын чатында, манжаларынын арасында болушу мүмкүн. Эгер бул оору көпкө созулса, ал ичеги-карындын жана өпкөнүн клеткаларын бузуп, канга өтөт да, бүткүл денени ууландырат. Кандидоз анча жугуштуу эмес, бирок ымыркай балага баккан оорулуу кишиден жуккан учурлар белгилүү. Оору лабораторияда аныкталат. Врач дарылайт.


Алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактап, тамакты жакшы бышырып, жашылчаларды ысык суу менен жууп жеш керек. Оорулуу өз учурунда врачка кайрылуу менен бирге, антибиотиктерди жана башка дары-дармектерди врачтын кеңеши менен гана колдонуу зарыл.

Дагы кара

түзөтүү

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8