Ооган кыргыздары, Ooǵan qyrǵyzdar аталган өлкөнүн түндүк аймактарын (Чоң Памыр, Кичи Памыр) байырлашып, 1959-ж. эл каттоодо жалпы саны 25 миңге чамалаш келген. Кыргыздар бул аймакта эзелтеден эле жашашып, салттуу көчмөн жана жарым көчмөн шартында байырлашкан. 19-к. орус-кытай (Цин), орус- англис келишимдеринин натыйжасында кыргыздар Ферганадан Памыр тоолоруна, андан Чыгыш Түркстан тарапка көчүп жүрчү көп кылымдык салттуу жолунан, эң негизгиси - кеңири жайлоолорунан, өз ара катышуудан ажырап калышкан. Кыргыздардын бир бөлүгү Ооганистандын курамында калып калган. Алардын этностук курамы памырдык (Каратегин) кыргыздар менен бирдей, жалпы башатка ээ. 1895-ж. Памырди географиялык жактан чектеш мамлекеттер ортосунда бөлүштүрүүнүн натыйжасында обочолонуп калуу абалына дуушар болушкан. Ооган кыргыздары Памырды жашашкан кыргыздардын чет өлкөгө (Түркия Республикасы) журт которуп кеткендерден калган бөлүгү (айрым маалыматтарда 10 миңден ашуун) Кичи Памыр жана Чоң Памыр деп аталган аймак- тарда жашашат. Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыздар Ооганистандын түндүгүндөгү чыгыш өрөөндөрүндө, Хазре- ти-Имам-Сахибдин түштүк жактарында жана Кичи Памирдин Лян- гар, Бозай-Күмбөз, Жүз-Каз деген жерлерин байырлашат. Чектеш жайгашкан Чыгыш Түркстан, Тоолуу Бадахшан (Тажикстан) жана ооган Памырын кыргыздар эзелтеден мекендеп келишет. Айрым изилдөөчүлөрдүн кыргыз урууларынын аталган аймактарга 18-к. көчүп барган деген пикирлерине кошулууга болбойт. Жергиликтүү информаторлордун берген маалыматтарына караганда, ал жердеги кыргыздар өздөрүн эки бөлүп, анжияндыктар (келгендер) жана сарыколдуктар (жергиликтүүлөр) деп айырмалашат. Наймандар, кыпчактар келгиндерге, теиттер, кесектер жергиликтүү калкка (урууларга) кирет. Орус илимпозу Н.Ф.Ситняковский да өз эмгектеринде жогорудагыдай эле маалыматтарды берет. Ал дагы ичкилик урууларын эки топко бөлүп, наймандар жана кыргыз-кыпчактар ичкиликтердеги сол канатка, кесектер жана теиттер оң канатка кирет деген. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде табийгаты катаал бул аймактарды кыргыз урууларынын ичинен эң оболу тейиттер өздөштүрүшкөн. Анткени бул аймактагы тейиттер салыштырмалуу өтө ыңгайлуу жайыттарды ээлешет. Тейиттерге барчу жол (Кыр- гызстандан) Харгуши-Памир менен туташтырылган Кызыларт ашуусу, Алай өрөөнү, андан ары Аксуу дарыясы аркылуу өткөн. 19-к. баш чендеринде тейиттердин бир бөлүгү андан да ары жылып, Санчу аймагынан конуш алышкан. Бул уруунун жер которуусуна Кокон ханы, 1834-жылы Каратегинди басып алган Мухаммед Алинин (Мадали-хандын) зомбулугунан кутулуу максаты түрткү болгон. Кесек уруусу тейиттерден айырмаланып, Чоң Памырга Дарвоз жана Шугнан тоо кыркаларынан ашып, батыш тарапты өздөштүрүшкөн. Ошентип, 19-к. аягында тейиттер кар аз түшчү Ыраң-Көл жана Кичи Памирге жайланышып, кесектер болсо Чоң Памирди, Аличурду мекендеген, алардын ортосунда анчалык көп эмес кыпчак уруусунун түтүндөрү жайгашкан. 19-к. 70-жылдарында Памыр Кокон хандыгы, Кашкар эмири жана Кабул эмиринин вассалы катары үчкө бөлүнүп калышкандыгына карабастан, памырдыктар эч кимге баш ийбей, тың жашашкан. Алар тигил же бул жайытка ким көз артып, кызыгып жүргөнүн да эске албай, ээн-эркин көчүп жүрүшкөн. 1895-жылдын 27-февралындагы Памирдеги чек араны белгилөө орус-англис келишиминде чечилди. Памир талашында жана чек араны тактап, бөлүүдө бул аймакта жашаган калктын үрп-адат, каада-салттары, этностук өзгөчөлүгү, элдин түпкү кызыкчылыктары эске алынган эмес. Ошонун натыйжасында, Түштүк Памырдык кыргыздар менен тажиктер экиге бөлүнүшүп, бир тарабы Россияга, экинчилери Ооган хандыгынын бийлигине кошулушту. Ооган хандыгынын, андан соңку королдук Ооганистандын тушунда да кыргыздар борбордон көз каранды эместигин сактап кала беришкен. Кыргыздар эзелтеден жашаган аймакка өкмөт, жергиликтүү башка калктар кысым көрсөтө алыш- кан эмес. Оогандык кыргыздар башка кыргыздардай эле уруулук түзүлүшүн, өзүн-өзү таанып-билүүсүн сактап калышкан. Кыргыздын ичкилик (Булгачылар) уруулук тобуна кирген ооган кыргыздары төмөндөгүдөй курамга ажырашат: оң канат, сол канат ичкиликтер. Оң канатка - тейит, кесектер; сол канатка - найман, кыпчактар. Памырдагы кыргыздардын ичинде калмактар жана вахандар бар. Калмактар мурдагы кулдар, азыр болсо кулчулуктан бошошуп, кыргыздардын курамына сиңип кетишкен, кийинкилери болсо (вахандар) бай кыргыздарга кызмат кылуучулардан болушкан. Кичи Памырда жана ага жанаша жайгашкан өрөөндөрдө кыргыздардын төрттөн үч бөлүгү жашайт. Улуу (Чоң) Памырда кыдырша, мамычар, бостон, куралай, кызыл аяк, найман, муңдук ж.б. уруктардын өкүлдөрү байырлашат. Сары кол, Кичи Памыр, Чоң Памыр, Ыраң-Көл, Толубай, Сары-Мукур ж.б. ушул сыяктуу жергиликтүү топонимикалык аталыштар кыргыздардын аталган аймактарда эзелтеден мекендеп келишерин чагылдырары анык.

Ооган кыргыздарынын соңку жаңы тарыхында Рахманкул хандын ордун өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө болот. Замандаштардын жана чет өлкөлүк саякатчылардын, изилдөөчүлөрдүн айтымдардында Рахманкул хан табийгаттан сергек акылдуу, алысты көрө билген, эл камын ойлогон, ооган Памырындагы башка калктардын арасында да чоң кадыр-баркы бар инсан, эл башчысы болгон. Лоя-Жиргага (Ооганистандын 1978-ж. чейинки парламентинин аталышы) бир нече ирет депутат болуп шайланган. Арийне, 1978-ж. апрелдеги Ооганистандагы мамлекеттик төңкөрүш жергиликтүү кыргыздардын көп кылымдык жашоо укладына, экономикалык абалына, социалдык-саясий абалына өз кедергисин тийгизген. Рахманкул хан жетектеген Кичи Памырдык кыргыздардын бир бөлүгү Кара- Корум тоо кыркалары аркылуу эки жумага созулган көчүүнүн натыйжасында Пакистанга караштуу Рилгет өрөөнүнө келип отурук- ташышкан. Бийик тоонун калкы абасы нымдуу, жайкы аптабы 40 градуска жеткен Пакистандын климатына көнө алышкан жок. Айрыкча жаш балдарга жана аялдарга өтө кыйын болду. Ошол эле 1979-жылы жугуштуу ич келте ж.б. оорулардан жүздөгөн аялдар, жаш балдар көз жумушкан. Албетте, бүтүндөй элди ата-бабалары жашаган жерден табийгаты, тили, дини бөтөн жерге зордоп көчүрүп кетүүнүн зарылчылыгы бар болгонбу, бул маселеге тарых өзүнүн баасын берет. 1980-ж. апрелинде Рахманкул хан АКШнын Исламабаддагы элчилигине кайрылып, жер которууга уруксат берүүчү иммиграциялык виза сураган. Андан соң, Түркиянын өкмөтүнө да кайрылган. Бул суранычты Түркия өкмөтү кабыл алып, 1982-ж. март айында тоо аймагындагы Анадолу районуна кабыл алууга чечим чыгарды. 1982-ж. август айында 1138 адам самолеттор менен Түркияга өтүшүп, убактылуу Каракундуз айылына жайгашышкан. 1985-ж. Алтын-Дарага биротоло отурукташып калышкан. Түркия өкмөтүнүн гумандуу саясаты көчкөн кыргыздарды биротоло кырылып жок болуудан сактап калган. Түндүк-Батыш Ооганистанда азыркы учурда да бир топ санда кыргыздар жашап келишет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү