Оонатышуу
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—10 киши.
Оюн көк шиберде, күрөшчү бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар экиден болушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар бир бирин карашын жакын отурушуп, колдорун бүгүлгөн тизелеринин астынан кармашышып биринчи оң андан кийин сол жакка оонатышып жыгууга аракеттенишет. Оюнчулар бир бирин оонатышып жыгытышкандан кийин атаандаштары менен алмашышып, оюнду каалашкан убакытка чейин ойношот. Көп жолу атаандаштарын оонатышышкан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине жакындоого, отурууга, тоскоолдук кылууга жардам берүүгө, колдору менен коюп жиберүүгө болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күчкө, ийилчээктикке тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.