Оордукту арылтмай
Шарттары
түзөтүүОюнчулардын саны 3—5 киши,
Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.
Оюнда устун, дөңгөч, аркан колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар аркандын бир учун дөңгөчкө байлашып, экинчи учун кармашып, оюндун шарты, кезеги жана оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери менен, бирден дөңгөчтү белгиленген аралыктан сүйрөп өтүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулардын каалоосу боюнча 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Белгиленген аралыктан оордукту бат сүйрөп өткөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү
түзөтүүОордукту тиш менен сүйрөмөй, оордукту моюн менен сүйрөмөй, оордукту бел менен сүйрөмөй, араба сүйрөмөй, машина сүйрөмөй.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБуйруктан мурда аракетти баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүОюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот. Эгерде аспаптардын саны көп болсо, оюнду бир убакытта өткөрсө болот.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч, чыдамкайлыкка тарбияланат, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.