"Оору кутусу" (англ. The Hurt Locker, орус. Повелитель бури) - 2009-жылкы америкалык Ирак согушундагы буктурмалардагы жарылуучу заттарды зыянсыздандыруучу топ жөнүндөгү согуштук триллер тасма. Кэтрин Бигелоу тарткан тасмада Жереми Реннер, Энтони Маки, Брайан Герати, Кристиан Камарго, Ральф Файнс, Дэвид Морс жана Гай Пирс катышкан. Тасма солдаттардын согуш стрессине туруштук берүүсүн чагылдырат. Согуш стресси кээ бирөөлөр үчүн жан чыдагыс оору сыяктуу болсо, кээ бирөөлөр үчүн кумар сыяктуу. Окуя кезектеги согушта топтун сержанты каза таап, ордуна топтун башына токтоо ардагер келүүсү менен башталат. Топтогу солдаттар жаңы келген топ башчысы өтө кооптуу тобокелге барган жатат дер шектенишет. Сценарист Марк Боал өз башынан өткөн тажрыйбасын жазган, бирок кээ бир согуштук жүрүштөрдү көркөмдөгөн.

Тасма сынчылардын абдан жогору баасына татыган жана "Эң мыкты тасма" сыйлыгы менен бирге 6 Оскар сыйлыгына татыган. Бигелоу 2017-жылы "Эң мыкты режиссер" сыйлыгын алган. "Оору кутусу" тасмасы бул категорияда аял режиссер сыйлык алган жалгыз тасма болуп эсептелет.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү