Оор өнөр жайы
Оор өнөр жайы — өнөр жай тармактарынын негизинен өндүрүш каражаттарын чыгаруучу тобу.
- Оор өнөр жайына кен казуу өнөр жайы — көмүр, чым көң, нефть, табигый газ, кара жанa түстүү металл рудасы, хим. минерал заттар, карагай даярдоо;
- кайра иштеп чыгаруу өнөр жайынын негизги тармактары — электр жанa жылуулук энергия өндүрүү, нефтини кайра иштетүү, химия жанa резина- асбест өнөр жайы, кара жанa түстүү металлургия, машина куруу ж, б. кирет.
- Оор өнөр жайы — соц. экономиканын негизги тармагы. Бардык тармактарды эмгек куралдары менен жабдып, эл чарбасынын тех. деңгээлин жанa коомдук эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн аныктайт, өлкөнүн тех.-экон. көз каранды эместигин жанa анын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо зор роль ойнойт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.