Чым көң - саз өсүмдүктөрүнүн узак убакыт сууга чыланып жана аба жетишсиз шартта чала чириндиге айланган калдыктарынан пайда болгон күйүүчү көң.

Өнү кара, кара күрөң, саргыч. С. салм. 1,1-1,8 г/м?‘. Курамынын 50-60% ин көмүртек, 5-6,5%ин суутек, 30-40%ин көмүр кычкыл газы, 1-3%ин азот, 0,1-1,5%ин күкүрт түзөт. Ным сыйымдуулугу эң жогору (88-96%); көпшөктүгү 96-97%; кургак абалында тыгыздыгы төмөн (0,3 г/см3); күйгөндө 26503120 ккал/кг жылуулук чыгарат. Чым көң отун, жер семирткич жана ар түрдүү химиялык сырьё алуу үчүн пайдаланылат. Ири кендери Россияда, АКШда, Канадада, Кыргызстанда Чымбай чым көң кени ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4