Опера-сериа (итал. opera seria – олуттуу опера) – Италияда неаполдук опера багытында 18-кылымда жаралган опера жанры. Италиянын музыка өнөрүнүн өнүгүшү менен опера-сериа Европага тараган. Опера-серианын мазмунун көбүнчө мифологиялык легендарлуу-тарыхый окуялар түзгөн. Чыгармадагы окуялардын чиелениши, өнүгүшү жалаң речитативдерде ишке ашырылган. Каармандардын кейпи, алардын ой-мүдөсү, ою, кылык-жоругу баш-аягы жыйнактуу, такталган музыкалык номерлер – ария, ариозо, каватина, дуэт, трио, ансамблдер аркылуу берилген. Мүнөзү боюнча баатырдык, лирикалык, муңдуу болуп бөлүнгөн. Адатта анча терең иштелбеген деңгээлдеги опера-серианын өзгөчөлүгү ырчы-виртуоздордун кызыкчылыгына байланыштуу болгон жана акырында опера-серианы кризиске дуушар кылган. 19-кылымда опера-сериа өз маанисин жоготуп, колдонуудан чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү