Оппортунизм (лат. opportunus — ыңгайлуу, пайдалуу) жумушчу кыймылында — теория жана практикада жумушчу табынын кызыкчылыгына сыйбаган, жумушчу кыймылын буржуазияиын пайдасына түртүүчү агым.

Оппортунизм жумушчу кыймылын анын тан душмандарына ачык же тымызын келишүү жолу менен багындырат. Оппортунизм 19-кылымдын 2-жарымында жу­мушчу табынын революциячыл кыймылынын өсүшү менен бирге пайда болгон. Анын алгачкы идеялык базасы — марксизмге чейинки социализмдин ар кандай формасы, ал эми тактикасы болсо либералдык реформисттер, о. эле анархпеттик ар түрдүү топтордон алынган. 1—2-Интернационалдын тушунда эле К. Маркс менен Ф. Эн­гельс Оппортунизмдин ар кандай чыгууларына карты элдешпес күрөш жүргүзгөн. Жумушчу кыймылында марксизмдин жецишинен кийин Оппортунизм ачык эмес, марксчыл фразаларга жамынып чыга баштаган.

Рев-ячыл жумушчу кыймылынын ичинде өзүнүн таптык жаратылышы боюнча Оппортунизм — майда бурж. идеология менен саясаттын көрүнүшү; теориялык жактан ревизионизм, дог­матизм катары да өзүн көрсөткөн; уюмдаштыруу жагынан ликвидатор болуп көрүнөт; эл ара лык комму­нисттик жана жумушчу кыймылда өзүнүн таасиринин багыты боюнча ал оңчул же «солчул» Оппортунизм болуп бөлүнөт.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.