Орбели, Леон (Левой) Абгарович (25. 6(7. 7). 1882, Ереван — 9. 12. 1958, Ленин­град) — сов. фи­зиолог, СССР ИА-нын акад. (1935; корр. мүчө, 1932), Армян ССР ИА-нын (1943), СССР МИАнын (1944) акад. РСФСРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1934), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945) .

Мед. кызматтын генерал-полковниги. Петербург Аскер-мед. академиясын бүткөн (1904). И. П. Павловдун окуучусу жанa кызматташы. С. М. Киров атн. Аскер-мед. академиясында кафедра башчысы (192550), СССР ИАнын И. П. Павлов атн. Физиол. ин-тунун (193650), СССР МИАнын И. П. Павлов атн. Жог. нерв ишинин эволюциялык физиологиясы жанa патологиясы институтунун (1939— 50) директору. СССР ИАнын биол. бөлүмүнүн акад.-секретары (193948), вице-президенти (194246). Орбели физиол. функцияны изилдөөдө дар­винизм принциптерин колдонуп, эво­люциялык физиологияны өнүктүргөн. Симпатикалык нерв системасынын организмдеги маанисин, каракуш мээнин функциясын изилдеген. СССР мамл. сыйл. (1941), СССР ИАнын И. П. Павлов атн. сыйл. (1937) менен И. И. Мечников атн. алтын медалын алган; кээ бир чет өлкөлүк ИАлардын ил. коомдордун мүчөсү. Төрт Ленин ордени, башка 4 орден жанa медалдар менен сыйланган

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.