Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-ж. Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинчерээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440-жылдан Чыгыш Армениянын административдик жана соода-кол өнөрчүлүк, 1604–1828-ж. Эриван хандыгынын борбору. 1826–28-жылдагы орус-иран согушунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түркмөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошулган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРинин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жылдан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотехникалары жана өлчөөчү приборлор, химия жана нефть-химия, химия-фармацевтика, кара металлургия, жеңил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө байланыш жана телекоммуникация сектору жана финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Армениянын илимий, маданий жана билим берүү ири борбору. Армения ИА, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эстеликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноцидинин курмандыктарына), «Майр Айастан» («Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Карабах согушунун баатырларына) жана башка урартунун, Эребуни жана Тейшебаини шаар-чептеринин урандылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-к.) (крест-кумпалуу Катогике (13-к.), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) жана башка сакталган. Евевандын көпчүлүк турак-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Евеванда А. Хачатурян атындагы Музыкант-аткаруучулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панорамасы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еравандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.