Оргочор тоосу (моңг. оргочор – бөлөк-бөлөк тоо, дөңсөө) Ысык-Көл ойдуңунун түш.-чыгышында.

Көл жээгиндеги адырлуу тоо. Эки бөлүктөн турат. Чоң О. т-нун уз.12 км, туурасы 7 км, бийикт. 2062 м.

Неоген мезгилинде пайда болгон жумуру таштуу тектерден турат. Чаптуу түн. капталы тик, жардуу, түштүгү жантайыңкы, кокту-колоттуу. Кичи О. т-нун уз. 5 км, туурасы 1,5 км, бийикт. 1751 м. Жапыз адырлуу. Чоң Оргочор Т-нун структуралык уландысы. Батышты көздөй жапыздайт. Оргочор тоосунда талаа ж-а кургак талаа ландшафты басымдуу; айрым жерлеринде жарым чөлдүн фрагменттери бар.

Жайыт катары пайдаланылат. Үстүндө ретрансляциялык телевизор мунарасы орнотулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.