Орозалиев Эрик Садыкович

Орозалиев Эрик Садыкович – (1950-ж. туулган, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кең-Булуң айылы) – философия илимдеринин доктору (1998), профессор. Кыргыз ССР ИАнын илимий кызматкери. К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда доцент, профессордун милдетин аткаруучу. Социалдык психология жана социалдык иштер тармагы боюнча адис. 50дөн ашык илимий иштердин, анын ичинен 2 монография, 5 окуу китебинин автору. Анын жетекчилиги менен 3 кандидаттык диссертация корголду. Бишкек гуманитардык университетинин социал-психология факультетинин деканы, социалдык ишкерлер ассоциациясынын президенти.

Негизги чыгармалары:

  • “Общее и регионально-национальное в коллективе”. Бишкек, “Илим”, 1992;
  • “Социальная работе в Кыргызстане”. (в соавторстве). Бишкек АСУ КР, 2000 жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8