Орозбеков Сулайман
Орозбеков Сулайман (туулган жылы белгисиз –1920) — азыркы Кыргызстандын түндүк аймагында совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшүүчү.
1918-жылдын 8-апрелинде Нарын шаарында совет бийлиги орногондон кийин уезддик атайын комиссиянын төрагалыгына дайындалган. Ушул кызматта турганда падыша өкмөтүнүн колониячыл саясатынын калдыктарын жоюда, эзүүчү таптардын совет бийлигине каршы аракетинин бетин ачууда жана басууда чоң эмгек сиңирген. 1920-жылдын ноябрындагы Нарын козголоңу учурунда тап душмандарынын колунан курман болгон.
Булактар
түзөтүүКыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.