Нарын козголоңу — 1920-жылыдын ноябрындагы совет бийлигине каршы козголоң.

1920-жылдын августунда Нарын шаарындагы кызыл гвардиячылар арасында кызмат өтөгөн офицер Кирьянов, соодагер К.А. Бондарев совет бийлигин кулатуу максатында жашырын контрреволюциячыл уюм түзүп, козголоң даярдаган. Кирьянов 1920-жылы 5-ноябрда өзү башкарган бөлүк менен Ат-Башыны басып алып, 6-ноябрда Нарындагы 23-полктун батальонун куралсыздандырган жана кызыл аскерлердин командирлерин, саясий кызматкерлерди камакка алып, уезддик-шаардык партия комитетинин төрагасы Х. Мусабаевди, уезддик саясий бюронун төрагасы С. Орозбековду өлтүрүшкөн. 11-ноябрда Нарын уездиндеги бийлик толугу менен козголоңчулардын колуна өткөн. Нарын козголоңун басуу үчүн 13-ноябрда Токмок шаарындагы 2-өзгөчө полк жана 4-түркмөн полку жөнөтүлгөн. Алар козголоңчуларды 15-ноябрда Кочкордо, 19-ноябрда Долон ашуусунда талкалаган.

Булактар

түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.