Орток тоо - Ички Теңир-Тоодо. Кочкор өрөөнүнүн батышында.

Кыргыз Ала-Тоосунун түш. этегинен башталып, түн.-батыштан түш. чыгышка созулуп жатат. Сараласаз ж-а Чыгыш Каракол өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 20 км, туурасы 6–9 км. Орт. бийикт. 2900–3000 м, эң бийик чокусу 3214 м (батыш бөлүгүндө). Капталдары бирдей эмес – түн., түн.-чыгыш тарабы кууш (этеги 2300–2700 м бийикте), түн. Капталы жазыраак (этеги 2100–2400 м бийикте). О- нун жону жайык. Капталдары кургак сайлуу, кокту-колоттуу. Негизинен палеозойдун гранит, гранит-диорит интрузиясы, ордовиктин кумдук, сланец, катмарлуу порфирит, туф ж. б. тоо тектеринен түзүлгөн. Каксоо келген түш. капталдарына бадалча-шыбактуу жарым чөл (2100–2500 м), төө таман, төө куйрук, чекенде аралашкан шыбак-кылканак чөптүү кургак талаа (2500–2800 м), бетеге-аккылкандуу талаа (2800мден жогору) ландшафттары мүнөздүү. Түн. капталдарында шыбак-бетегелүү талаа (2500–2600 мге чейин), түркүн чөп – бетеге-аккылкандуу шалбаалуу талаа (2600 мден жогору) таралган. Жайыт.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2