Орток-Тоо - Талас өрөөнүнүн чыгышында. Каракол жана Үч-Кошой сууларынын аралыгында, Кыргыз Ала-Тоосуна жарыш жатат. Узундугу 35 км, туурасы 8 км. Тоонун жонунда байыркы түздүктөр жакшы сакталып калган, түндүктү карай жантайыңкы жана жазы. Орточо бийиктиги 2300 м, эң бийик жери 2501 м (Шумкар чокусу). Капталдары асимметриялуу: түштүгү тик жана кыска, терең сайлар көп. Түндүк бетинде бийик чөптүү шалбаалуу талаа жана шалбаа, түштүк бетинде бадал (1600–2000 м бийиктикте), бетеге шыбактуу талаа өсүмдүктөрү, 2000 мден жогору түркүн чөптүү шалбаалуу талаа. Жайыт.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү