Ортонку Теңир-ТооТеңир-Тоодогу негизги тектоникалык структуралардын бири. Түндүк Теңир-Тоодон Теңир-Тоонун негизги жаракасы аркылуу, ал эми Түштүк Теңир-Тоодон Ат-Башы – Эңилчек жаракасы менен бөлүнөт. Структураны 1938-ж. В. И. Попов бөлгөн. Негизинен Чаткал-Нарын жана Чаткал-Курама зоналарынан турат. Чаткал – Нарын структура-фациялык зона Ортонку Теңир-Тоонун түндүк бөлүгүн түзүп, Чоң Кара-Тоо, Талас АлаТоосу жана Нарын ойдуңу аркылуу созулуп жатат. Чаткал-Курама зонасы Чаткал жана Курама кырка тоолорунан орун алган.

Ортонку Теңир-Тоонун горст-антиклиналь бөлүкчөлөрүндө (блокторунда) архейде жана протерозойдун башталышында пайда болгон байыркы тоо тектер чыгып жатат (көөлү, касан, каргыш свиталары). Жанар тоо жана чөкмө тоо тектери (корумду сериясы, чоң нарын комплекси) рифейде, Жетим-Тоо темир кенташтуу формациясы рифейдин аягында, көмүртек-кремнийлүү каралжын сланец формациясы палеозойдун башталышында Чаткал-Нарын тилкесинин чегинде пайда болгон. Чаткал-Курама тилкесинде рифейде, вендде жана кембрийде үбөлөнүү процесси өкүм сүрүп, тоо тектердин топтолуусу болгон эмес. Силур-девон мезгилинде Чаткал-Нарын зонасында үбөлөнүү процесси өөрчүп, ушул эле мезгилде Чаткал-Курама зонасында жанартоо жана жанар тоо чөкмө тоо тектери пайда болгон. Бул зонага палеозойдун аягына тиешелүү жанартоо тектеринин калың катмарлары мүнөздүү. Каледон бүктөөлүүсү Ортонку Теңир-Тоонун айрым гана жерин камтыган, ал эми герцин бүктөөлүүсү ургаалдуу жүрүп, интрузия тоо тектери кеңири өөрчүгөн. Кен байлыктарынан негизинен байыркы тоо тектердеги темир, молибден, палеозойдун аягында пайда болгон жез, алтын, полиметалл, вольфрам кендери белгилүү, к. Ортонку Теңир-Тоо металлогендүү зонасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү