Ортоңку Тянь-Шань релефинин калыптанышы жана тектоникасы
Ортоңку Тянь-Шанга - Ак-Шыйрак тоо түйүнү, Жетим-Тоо, Нарын-Тоо, Көөлү, Көк-Ирим-Тоо, Молдо-Тоо, Чаткал, Чандалаш, Пскем тоолору кирет. Алгачкы палеозойдо Ортоңку Тянь-Шань геосинклиналдык алкактын чет жакасы болуп, чөкмөлөрдүн топтолушу улана берген. Силур жана девондун биринчи жарымында Ортоңку Тянь-Шандын көпчүлүк бөлүгүндө чөкмөлөрдүн топтолушу токтолуп, Такталык жана Жетим катталыш зоналары пайда болот. Соңку палеозойдогу орогендик кыймыл Талас Ала-Тоосунун батыш жагында, Чаткал, Кавак-Тоо, Ак-Шыйрак, Борбордук Тянь-Шань ээлеген аймактарда өзгөчө күчөп жүргөн. Ошентип, Ортоңку Тянь-Шань катталыш зонасы кийинки каледон жана герцин орогендик кыймылдарынын натыйжасында калыптанган. Ортоңку Тянь-Шанда интрузивдик магматизм начарыраак байкалат жана алар негизинен герциндик кыймылга байланышкан.