Орто-Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүш

Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүш, падышалык Россиянын колониялык саясатына каршы Орто Азиядагы жергиликтүү элдик кыймыл (июль–октябрь, 1916). Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн чыгышына колониалдык эзүү, жергиликтүү калктын коомдук-саясий жана социал-экономикалык, маданий абалынын төмөндөшү (айдоо, жайыт-конуштардын тарышы, дин, тил жагынан кысымга алуулар ж. б.) себеп болгон, б. а. Россия империясына каратылганга чейин Орто Азиянын жергиликтүү калкы мындай эзүүнү башынан өткөргөн эмес.
Александр IIIнүн «Россия — орустар үчүн» деген ураанынын негизинде Орто Азия «Орус Азиясы» («Русская Азия»), «Орус Тянь-Шаны» («Русский Тянь-Шань»), анда жашаган калк «жат эл» («инородцы», «туземцы») деп аталган. Намазга жыгылып, куран окулган жерде сүрөт коюу шариятка туура келбесе да, медресе-мечиттерге орус падышасынын портретин илүүгө мажбурлаган. Атайы жобо боюнча «начальник, офицер же чиновниктер алдынан чыкса, туземдик кыргыз атынан түшүп, башынан тумагын алып, ийилип, салам берүүгө» тийиш болсо, Ташкент шаарында ишке кирген трамвайда өз улутунда кийинген жүргүнчүлөрдү европалыктар менен чогуу жүрүүгө тыюу салган. Колониялаштыруу саясатына каршы улуттук-боштондук кыймылдар токтобой, Кокон көтөрүлүштөрүнүн экинчи этабы (1875–76), Фергана (1885), Ташкент (1892) жана Анжиян көтөрүлүшү (1898) да орус бийлигине каршы багытталган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда орус өкмөтү жергиликтүү калкты аскерге чакырбаганы үчүн 1, 84 сом атайын салык салып, андан тышкары «өз эрки менен фронтко жардам» («реквизиция») берүүгө мажбурлап, мал (негизинен ат, төө)-мүлктөрүн тартып алып турган. 1916-ж. жазында азык-түлүктөр 4 эсеге чейин кымбатташына байланыштуу Түркстан крайындагы кырдаалдын курчушуна карабай, 1916-ж. 25-июнда падыша Николай II «согушуп жаткан армия үчүн коргонуу жана аскер байланышын жөндөө жумуштары» үчүн жергиликтүү калктан 19дан 43 (8-июлдагы буйрук менен кайра 31 деп түзөтүлгөн) жашка чейинки эркек адамдарды фронттогу кара жумушка алуу тууралуу буйрукка (№ 1526) кол койгон. Ал боюнча Түркстан крайынан 250 миң адамды чакыруу каралып, буйрук Ташкент шаарында 1-июлда жарыяланган. Анда Түркстан крайында жашаган элдин саясий абалы, жергиликтүү улуттун менталитети, алардын падышалык Россияга карата көз карашы эске алынган эмес. Мисалы, Кавказ элине карата чыккан ошондой эле буйрук кайра артка кайтарылган. Ал эми Түркстан крайында орозо (рамадан) айына (15-июнь–15-июль) туш келип, ал дагы кошумча фактордун бири болгон. Буйрук жарыялангандан кийин жер-жерлерде мобилизациялоодон баш тартуу жана чакырыла турган кишилердин тизмесин жок кылууну талап кылган стихиялуу жыйын, митингдер башталган. Ага жооп катары жергиликтүү падышалык бийлик көчүп келген келгиндерден (казак-орус, орус, украиндыктар ж. б.) ыктыярдуу отряд түзүп, аларды жазалоого киришкен. Жер-жерлерде кагылышуулар күчөп, 4-июлда Хожент шаарындагы жыйында 5 киши менен Жизак уездинин башчысы, 8-июлда Кокон шаарында 2 болуш башчысы өлүп, 9-июлда Анжиян шаарында чогулгандарга каршы ок атылып, 3 киши өлүп, 22 киши жарат алса, 10-июлда Маргалаңдагы митингде 1 болуш башчысы жана 6 киши өлгөн. 11-июлда Ташкент шаарынын Беш-Агач районунда бир нече миң киши катышкан митинг өтүп, 15 адам жарат алып, 11 адам окко учкан жана 34 адам сот жообуна тартылган. Улуттук-боштондук кыймылдын күчөп баратканын көргөн бийлик 11-июлда кошумча буйрук жарыялап, чакырыла тургандардын санын 20 миңге кыскарткан жана 1) кызмат адамы; 2) полиция чини; 3) дин кызматчысы; 4) ранг жөнүндөгү табелдин тизмесиндегилер; 5) дворян укугундагылар менен ардактуу граждандар; 5) өзүнүн ордуна бирөөнү жалдагандарга жеңилдик берген. Жети-Суу облусунда аларга 1) үй-бүлөдө жалгыз иштеген адам; 2) туземдик ямщиктер кирген. Буйруктун мындай, дискриминациялык мүнөзү кыймылды ого бетер күчөткөн. 13-июлда Жизак уездинде кайрадан стихиялуу жыйын башталып, аягы куралдуу көтөрүлүшкө айланган. Бир нече темир жол станцияларын (Мисалы, Ломакино, Обручево, Куропаткино, Ростовцево ж. б.), талкалап, көтөрүшчүлөр 21-июлда Жизакка чабуул уюштурган. Бирок 13 рота жөө аскер, 6 замбирек, 300 казак-орус жана 3 рота сапёрлордон турган падыша өкмөтүнүн аскерине туруштук бере албай кырылып, шаар толук талкаланган. Ага карабай улуттук-боштондук кыймыл уланып, июль айынын аягында Самарканд, Сыр-Дарыя, Фергана, Закаспий (Гёк-Тепе, Красноводск, Серахс ж. б.), Акмоло (Спасск заводуду, Успенск жана Караганда кендери), Семипалатинск (Зайсаң, Усть-Каменогорск, Павлодар уезддери), Жети-Суу, Торгой (А. Иманов жетектеген көтөрүлүш) ж. б. облусун кучагына алган. 17-июлда Түркстан аскер округу бул аймактарга чукул абал киргизип, Түркстан генерал-губернаторуна өзгөчө укук берген. 22-июлда Түркстан крайынын генерал-губернатору, Түркстан аскер округунун башчысы жана Жети-Суу казак-орус аскеринин башкы атамандыгына А.Н. Куропаткин дайындалган. Ал 25-июлда орто жана жогорку окуу жайын окуп жаткандарга да жеңилдик кошумчалап, моблизациялоо иши 15-сентябрга жылдырган. Бирок ал да кырдаалды жеңилдеткен эмес. Массалык баш ийбөө, жумушка чыкпоо, алыс жерлерге (талаа, тоо ж. б.) көчүп кетүү, жергиликтүү акимчилик, чабармандарга кол салып, тизмелерди жок кылуу улана берген. Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү Закаспий облуснда курч мүнөздө жүрүп, ал жакка орус өкмөтү 18 замбирек, 13 пулемёт менен куралданган 5 батальон жөө аскер жана генерал Нарбуттун кошумча күчүн жиберип, жалпы саны 10 миңден ашкан орус аскери 31. 12. 1917-жылга чейин ондогон айылдарды тып-тыйпыл жок кылып, жергиликтүү элден 4 900 төө, 12 220 ири мүйүздүү мал, миңден ашык жылкы, 100 000ден ашык кой-эчкини зордоп жыйнап алган. Жети-Суу облусундагы абал да өзгөчө курч болуп, июль айынын аягы, августтун башында ал куралдуу көтөрүлүшкө айланган. 23-июлда көтөрүлүшчүлөр Верный шаарына жакын Самсы почта станциясын басып алса, 10-августта Столыпино (азыркы Кочкор) кыштагын алган көтөрүлүшчүлөр 15–22-августта Токмок шаарын курчоого алышкан. 16-августта Каркыра ярмаркасы талкаланган. 14-августта бул тарапка аскер губернатору кошумча күч катары Анжиян жана Ташкент шаарынан артиллерия менен куралданган 16 рота жиберип, көтөрүлүштү аёосуз басууну, анын жетекчилерин колго түшүрүп, башкаларга сабак болсун үчүн оор жаза колдонууну буюрган. Жети-Суу облусндагы жазалоо ишине жалпысынан 16 замбирек, 47 пулемёт менен куралданган 35 рота жөө аскер, 24 казак-орус жүздүгү, 240 атчан чалгынчы катышып, орус-герман фронтунан кошумча 7-Оренбург жана 9-Сибирь казак-орус полку чакырылган. Машыккан жана курал жагынан артыкчылык кылган падыша аскерине туруштук бере албаган жергиликтүү калк (болжол менен 300 миңге жакын) Кытайга качып, калган бөлүгү каршылыгын токтотууга мажбур болгон. Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү учурунда ондогон айыл-кыштак орду-түбү менен жок кылынып, Түркстан крайынан 123 миң адам фронттогу кара жумушка жөнөтүлгөн жана 347 киши өлүм жазасына тартылып, 587 киши сүргүнгө айдалып, 129 киши камакка алынган. Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү кээ бир жерлерде (Түркмөнстандын түштүгү, Торгой облусу) Февраль революциясына чейин созулуп, бул кыймыл Орто Азиядан тышкары (Хива жана Бухара хандыгы менен Памирдеги болуштуктар мобилизациялоодон бошотулгандыктан абал тынч болгон), Волга жээгин (негизинен Астрахан губерниясы) жана Алтайды (Бийск талаасы) кучагына алган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Максимович К.К. Доклад Императору Николаю II о революционных беспорядках в Туркестане //Революция 1905 г. и самодержавие. М.; Л., 1928;
  • Рыскулов Т. Восстание туземцев в Средней Азии в 1916 г. Кзыл-Орда, 1927;
  • Джизакское восстание 1916 г. //Красный архив. LX. М., 1933; Восстание 1916 г. в Средней Азии и Казахстане. Сб. документов. //Отв. ред. А.В. Пясковский. М., 1960;
  • Турсунов Х. Т. Восстание 1916 г. в Средней Азии и Казахстане. Таш., 1962;
  • Усенбаев К. Восстание 1916 года в Киргизии. Ф., 1967. Галицкий В. Я. Возникновение и развитие революционного движения в Киргизии в конце XIX – начале XX веках. Ф., 1973.