Орто-Нура
(«Орто-Нура, Нарын району» барагынан багытталды)
Орто-Нура, Нарын району — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Чет-Нура айыл аймагына кирет. Орто-Нура суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1231 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Кыштак 1930-ж. пайда болгон. Орто мектеп, 2 китепкана, бала бакча, Маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Соода жайлары иштейт. Кыштакта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Ибраев Эсенгул туулган.
Орто-Нура | |
Орто-Нура | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Калкы түзөтүү
Калкы - 1133 (1986), 1405 (2007), 1542 (2009) киши[1], негизинен мал багат.
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.