Орто-Токой суу сактагычы

Орто-Токой суу сактагычыКыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Нарын дубанындагы Кочкор ооданынын аймагында. Чүй дубанынын нугунда, Балыкчы темир жол бекетинен 20 км. ВКП(б) БКнын жана КСРБ ЭКСтин 1940-жылдын жалган куран айынын 19 (март) токтому боюнча курулган. Деңиз деңгээлинен 1700м бийиктикте.

Плотинасы 1941-жылы курула баштап, 1961-жылы аяктаган. Узундугу 18км, эң жазы жери 5км, терең жери 47м. Анын суу толгондогу аянты 24км2, сыйымдуулугу 470 млн м3. Суу сактагычтан алынган суу менен 120 миң га жер (Кыргызстандын 86 миң га, Казакстандын 34 миң га жери) сугарылат. Секундасына орто эсеп менен 12,8м3 суу чыгарат. Плотинасы Төмөнкү Орто-Токой капчыгайынын башталышында жайгашкан. Анын бийиктиги 52м. Узундугу 365м, туурасы кырына чейин 6м. Суу чыгуучу тоннели (узундугу 567м, диаметри 4,5м) капчыгайдын оң жантайышындагы асканын алдында жасалган. Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/-Маvлекеттик энциклопедия борбору.-Бишкек,2004-ISBN 9967-14-006-2