Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү

ОРТО АЗИЯНЫН УЛУТТУК-МАМЛЕКЕТТИК БӨЛҮНҮШҮ, этникалык жана экономикалык принцибине карата Орто Азиянын улуттук-терроториялык мамлекеттерге ажыратылышы; СССРде союздук социалисттик мамлекетти куруунун алгачкы этабынын бири. Орто Азиядагы улут маселеси Февраль жана Октябрь революцияларынын учурунда да көтөрүлгөн, бирок эконономикалык абал (РСФСРдын курамындагы Түркстан АССРи, өз алдынча Бухара жана Хорезм Элдик Советтик республикаларынын түзүлүшү), граждандык согушка байланыштуу улам кийинкиге калтырылып келген. Совет бийлиги орногондон кийин кабыл алынган декреттерге (эзүүчү тапты жоюу, пролетардык диктатура орнотуу, жумушчу-дыйкандар советин чыңоо, аларды интернационалдык багытта тарбиялоо ж. б.) ылайык, падышалык бийликти жаңы бийликке алмаштырууну (администрациялык системаны реформалоо) аяктоо маселеси турган. Анын үстүнө падыша өкмөтү тарабынан киргизилген адмминистративдик башкаруу системасы боюнча аймактагы этникалык өзгөчөлүктөр эске алынбагандыктан, бул маселе (жайыт маселеси, айдоо жерлерди пайдалануу, сугат системасы, кээ бир территорияда бир гана улуттун үстөмдүк кылышы, бийлик органынын Ташкент шаарында жайгашы ж. б.) көп кыйынчылыктарды туудуруп келген. Пролетардык революцияны бүт дүйнөгө жайылтуу да тышкы саясаттагы чоң маселенин бири болгон. Ал үчүн биринчи кезекте улут саясатын ишке ашырып, аны коомдук баскычтын капиталисттик түзүлүшүндө жашаган башка элдерге үлгү кылуу каралган. Көптөгөн этникалык топтор тилеп келген мындай маселени ишке ашыруу үчүн Бухара КП БК (25-февраль, 1924), Хорезм КП БК (3-март, 1924) пленуму жана Түркстан КП БАК бюросунун чечимине ылайык Орто Азия РКП(б) КП бюросу 1924-ж. 12-июнда «Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү» тууралуу токтом кабыл алган. Анын негизинде 13-июнда жер-жерлерди райондорго ажыратуу, админгистративдик-этникалык курамына жараша чек араларды тактоо, коомдук мекеме-мүлктөрдү эсепке алып, бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия жана адегенде үч улуттун (өзбек, түркмөн, кыргыз) өкүлүнөн турган ликвидациялык комитет (Ликвидком) түзүлгөн. Кийинчерээк ага тажик, казак жана каракалпак улутунун өкүлдөрү кошулган. Атайын комиссия тарабынан даярдалып, Ликвидкомдун кароосунан өткөн материалдар жогору жактагы мыйзам чыгаруу органдарына жиберилип турган. Сентябрга чейин жаңы түзүлө турган республикалардын этникалык курамы, чек ара линиялары каралып, жер-жердеги улуттардын саны такталган. Мисалы, ал боюнча Түркстан АССРинин Фергана, Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Самарканд облустпарында 860 миң, булардан тышкары Памир, Бухара жана Батыш Кытайга караган аймактарда 210 миң кыргыз жашаганы аныкталган. Сентябрда Түркстан БАКы жана Советтердин Бүткүл бухаралык 5-, Бүткүл хорезмдик 5-курултайы мурунку республикалардын жоюлуп, улуттук курамын эске алуу менен анын ордуна жаңы мамлекеттер түзүлгөнү жөнүндө токтом кабыл алган. Талкуудан өткөндөн кийин, Бүткүл союздук БАКтын 2-сессиясы (14-октябрь, 1924) Түркстан АССРинин ордуна өз алдынча автономиялык бирдиктерди түзүү тууралуу чечимин чыгарган. 27-октябрда Орто Азия республикалары жана РСФСРдин жогорку бийлиги чыгарган токтомдор тууралуу докладдын негизинде СССР БАКынын 2-чакырылган 2-сессиясы аны мыйзам жүзүндө бекиткен. Натыйжада Орто Азиядагы мурунку респубилкалардын (Түркстан АССРи, Бухара, Хорезм) ордуна РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу областы (14. 10. 1924–25. 05. 1925. Кыргыз автономиялуу областы; 1. 02. 1926. Кыргыз АССРи), Өзбекстандын курамындагы Тажик АССРи (14. 10. 1924), Өзбекстан жана Түркмөн ССРи (27. 10. 1924), Кыргыз (Казак) АССРинин курамында Каракалпак АОсу (16. 02. 1925), Кыргыз АССРи (апрель, 1925-жылдан Казак АССРи) түзүлгөн. Бирок Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшүн даярдоо, аны ишке ашырууда бардык обьективдүү себептер көңүлгө алынган эмес. Ага 1) өзбек улутунун сан жагынан басымдуулук кылышы, 2) комиссиянын Ташкент шаарында жайгашы, 3) жогортон сунуш кылынган экономикалык жагдайга (өзбек улуту мурунтан отурукташып, жер иштетүүгө, ал эми кыргыздар көчмөн турмушка ылайыкташкан деген түшүнүк менен жер-жерлерди дыйканчылык жана мал чарба зоналарына бөлүштүрүү тууралуу көрсөтмө берилген) карап кабыл алынган чечимдер таасир тийгизген. Анын үстүнө көчмөндөрдүн күнүмдүк турмуш-тиричилиги (райондорго ажыратуу көчмөндөр жайлоого көчүп кеткен мезгилде жүргүзүлгөндүктөн, көбү мурунку жаздоо, күздөө, кыштоолору башка республикага өтүп кеткенин күзүндө гана билишкен) да эске алынбай калган. Мисалы, Кара-Кыргыз АОун ррайондорго бөлүштүрүү боюнча атайын комиссиянын чечимдерине нааразы болгон кыргыз өкмөтү 1925-ж. 10–11-апрелде улуттук белгилерди көрсөтүп, Бакса-Сибирген, Исфана, Чапкулук, Ханабад болуштуктарына толук; ошол эле белгилер менен жарым-жартылай Кыргын-Тепе, Кара-Суу, Чимион, Манак, Булак-Башы, Мархамат болуштуктары; Сүлүктү таш көмүр кени; Уруктай, Бетегелүү Кой-Таш, Аксай, Каланташ, Жалал-Төбө, Улар-Ойнор, Кочкор-Ата, Мук-Суу сыяктуу аймактар; экономикалык абалына карата Үч-Коргон жана Кара-Суу темир жол станциялары; Варзык, Вуадил, Чимион, Заркент кыштактарынн Кыргызстанга берүү талабы менен кайрылган. Натыйжада СССР БАКы Паритеттик (калыс) комиссия түзүп (кыргыз өкүлдөрү кирген эмес), 1926-ж. мартка чейин бул маселени чечүүнү ага тапшырган. Бирок анда Кыргызстан келтирген фактылар эске алынбай, Заркент, Варзык, Вуадил, Чимион, Кемпир-Абад, Жалал-Кудук, Күйүк-Мазар, Мөнөк, Дөң, Кызыл-Рават, Кучи айылдары, Үч-Коргон кыштагыныннын айланасы, Хан-Абад, Кара-Суу (түндүк бөлүгү), Чимион, Коргон-Төбө, Булак-Башы болуштуктары, Бетегелүү Кой-Таш (Ангрен дарыясынын жогорку агымы) Өзбекстандын карамагында калган. 1926-ж. 21-декабрда СССР БАКы бул маселеге кайрадан кайрылып, 1927-ж. 3-майда өткөн жыйында: 1) Сүлүктү таш көмүр кени (Бакса-Исфана болуштугу), Жоокесек, Нойгут-Кыпчак болуштуктары (нефть чыккан жерлерден тышкары) жана Үч-Коргон кыштагы, 2) Ош округунун Араван болуштугун КАССРинин (РСФСР) составына өткөрүп, 3) Варзык, Заркент, Вуадил, Чимион, Үч-Коргон темир жол станциясы Өзбек ССРинин карамагында калсын деген чечим чыгарган. Мындай маселе Казакстан менен Өзбекстан, Казакстан менен Кыргызстан, Тажикстан менен Өзбекстан жана Тажикстан менен Кыргызстандын ортолорунда да жолуккан.

Колдонулган адабиятОңдоо

Образование СССР. Сб. док-тов. 1917-1924. М.-Л., 1949; Якубовская С. И. Строительство Союзного Совета социалистического государства в 1922-1925 гг. М., 1960; Масов Р. История топорного разделения. Душанбе, 1991; Ожукеева Т.О. Политические процессы в странах ЦА. Б., 1995.