Орус армиясынын чет өлкөлөргө казаттары
Орус армиясынын чет өлкөлөргө казаттары (1813—15) — орус аскерлеринин Россиядан ташталканы чыгып чегинген Наполеон аскерлерин кубалан, Батыш Европага жасаган жүрүштөрү.
- 1813-ж. согуш аракеттерин Россиянын чегинен өткөрүү менен падыша өкмөтү Полынаны басып алуу жанa Францияда Бурбондор династиясын кайра тактыга отургузуу максатын кездеген.
- 1813-ж. 1(13)-январда М. И. Кутузов баштаган орус аскерлери Польша менен Чыгыш Пруссияш аймагына кирген.
- Пруссия жанa Австрия Франция менен дипл. байланышын үзүп, Наполеонго карты коалицияга кошулган, 1813-ж. орус аскерлери дагы бир жолу Кульманын жанында Наполеон аскерлерин талкалаган.
- Францияда Наполеондун саясатына ачыктан ачык нааразылык башталган. 1813-ж. 4—6 (16—18)-октябрда Лейпцигдин жанында «элдердин урушу» деп аталган эң зор салгылаш болгон.
- Анда Наполеон жеңилип, Германиянын аймагы француздардан толук бошотулган.
- 1814-ж. 19(31)-мартта союздаштардын аскерлери Парижге кирген.
- Наполеон тактыдан түшүрүлүп, француз тактысын кайрадан Бурбондор ээлеген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.