Орхон-Энесай таш жазуулары

Орхон-Энесай таш жазуулары - Орхон–Енисей аймагынан табылган бул таш жазуулары VI–V кылымдарга таандык. Кыргыз эли менен бирдикте казак, өзбек, уйгур, түркмөн, якут, тува, хакас, алтай ж. б. түрк элдерине бирдей энчилеш эстеликтер. Ташка чегилген жазуулардын таалим–тарбиялык мазмуну терең жана көп кырдуу. Алардын текстинде мекендин бейпилдигин саңоо, когандар менен кегтар ортосундагы мамиледеги, демократиялуулук, калыстык, муундар ортосундагы салттуу мамилелерди бекемдөө, улут аралык күн үчүн да актуалдуулугун жогото элек ойлор, осуят насыяттар мол учурайт. Ата журттун, элдик бейпилдиги, бакыбаттыгы журт башчысынын көрөңгөсүнө, адилеттигине жана элдин ыймандык нарк дөөлөттөрүнө жараша болоору жазууда өзгөчө эскертилет Коомдук турмушту уюштуруунун адилет, демократиялык салттарына артыкчылык берүү байыркы түрк элдеринде жогорку баалуулук катары баркталгандыгын айкын көрүүгө болот.

Ошону менен бирдикте жазууларда акылман бабанын көзү өткөн соң «иниси агасындай болбой» улуу муундардын уңгулуу салттарына карата кайдыгерлик мамиле чоң өкүнүч менен баяндалат. «Акылман эмес ташка олтурса, анын мыйзамы да акылсыз, мыйзамына баш ийгендер да караөзгөй болду». Мындан түрк элдеринде акыл менен бигүм ханды да, карапайым калкты баалоодо да башкы критерий болгон. Эстеликтерде мамлекеттин эгемендүүлүгүн бекемдөө үчүн кулдар менен мамиле кылуу, эмнелерди жасап, кандай жол жобону, мыйзамды тутунуу керектиги жөнүндөгү баштан кечирген сабактар да арбын. Атуулдук ар намыс, патриоттук сезим да эстеликтердеги эң башкы тема. Бул идеялар Култегин жана Йолыч кегендердин, түрктөрдүн улуу саптарында таасын чагылдырган. Ушундан улам Орхан – Енисей эстеликтери түрк калктарынын салттуу педагогикалык маданиятын, тарыхын изилдеп үйрөнүүнүн даректүү булагы катары каралууга тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004